Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
АКЫРКЫ КОҢГУРОО: БАЛДАРДЫН КООПСУЗДУГУ БИРИНЧИ ОРУНДА

Көрүлдү: 1109

Бүгүн, 8-июнда Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова райондук/шаардык билим берүү мекемелеринин жетекчилери менен онлайн жыйын өткөрдү.

post.title

Жыйында «Акыркы коңгуроо» салтанатында коопсуздук эрежелерин жана коопсуздук чараларын сактоонун зарылдыгы боюнча тапшырмалар берилди.

“Биз үчүн балдардын өмүрү, коопсуздугу биринчи орунда турат. Андыктан ар бир баланын коопсуздугун камсыздоо - биздин милдет. Ата-энелер менен тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Тилекке каршы, окуу жылы аяктап жатканына карабай ар кандай кырсыктар катталып жатат”, - деп билдирди Надира Жусупбекова.

Өз кезегинде билим берүү мекемелеринин жетекчилери министрлик тарабынан бекитилген бардык эрежелердин так аткарылышына көзөмөл күчүндө экенин айтышты.

Эске сала кетсек, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү акыркы коңгуроо салтанаты учурунда укук коргоо кызматкерлери менен бирдикте окуучулардын өздүк коопсуздугун камсыздоо үчүн биргеликте иш алып барууга тийиш. Бул үчүн тиешелүү органдар ишин баштады. 
 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар