Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
"ОКУЙБУЗ, ЖАСАЙБЫЗ, ИЗИЛДЕЙБИЗ!" РЕСПУБЛИКАЛЫК СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

Көрүлдү: 1114

Республикалык деңгээлдеги "Окуйбуз, жасайбыз, изилдейбиз!" сынагында Бишкек шаарынан, Баткен, Жалал-Абад, Талас, Чүй облустарынан келип түшкөн 11 долбоор жеңүүчү деп табылды. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи бүгүн, 31-майда онлайн форматта өттү.

post.title

1-6-класстар арасындагы сынакка өлкө боюнча жалпы 1600 изилдөө долбоору катышып, андан 29 долбоор республикалык этапка өткөн.

Быйыл сынакта төмөндөгү негизги багыттар камтылган:

  • "Мен жана менин дүйнөм" (1-2-класс)
  • "Кыргызстандын элдеринин маданияты" (3-4-класс)
  • "Жердин биологиялык ар түрдүүлүгүн сактайбыз" (5-6-класс)

Бул багыттардын алкагында ар долбоорду жетектеген мугалим менен окуучу өздөрү биргелешип тандаган темалар боюнча долбоордук иштерди сунушташты.

Жеңүүчү аталган 11 долбоордон сырткары дагы 4 долбоор атайын номинация менен сыйланды.

Ал эми изилдөө долбоордун жетекчилери менен жеңүүчүлөргө диплом жана китеп алууга сертификаттар тапшырылды.

Белгилей кетсек, аталган сынак USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун колдоосу менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар