Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА “АЛТЫН ТАМГА” СЫНАГЫ ӨТҮҮДӨ

Көрүлдү: 710

Бүгүн, 31-майда Бишкекте жана бардык облустук билим берүү борборлорунда мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн "Алтын тамга" мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясы өтүүдө.

post.title

Сынакта катышуучулар математика, эне тили жана адабият (кыргыз тили жана кыргыз адабияты, орус тили жана орус адабияты, өзбек тили жана өзбек адабияты), Кыргызстандын тарыхы жана химия сабактары боюнча тест тапшырат.

Быйыл ѳзгѳчѳ үлгүдѳгү аттестат алууга 2232 бүтүрүүчү талапкер болууда. Андан 1388 кыргыз тилинде, 803 орус тилинде жана 38 өзбек тилинде.

"Алтын тамга" сынагы мектепти 11-жыл "5" деген баага окуп, жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөткөн окуучулар үчүн көз карандысыз сынактык баалоо болуп эсептелет. 

Белгилей кетсек, бул мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияга катышуу милдеттүү эмес, ар бир талапкер ѳз ыктыяры менен катышат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар