Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
"ОКУЙБУЗ, ЖАСАЙБЫЗ, ИЗИЛДЕЙБИЗ!" КОНКУРСУНУН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

Көрүлдү: 1198

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги уюштурган, USAIDдин "Окуу керемет!" долбоорунун колдоосу менен 1-6 класстардын арасында өткөрүлүп жаткан "Окуйбуз, жасайбыз, изилдейбиз!" сынагынын Республикалык деңгээлдеги финалы 19-20 майда өткөрүлдү.

post.title

Бул сынак жалпы билим берүү уюмдарынын 1-6 класстарынын окуучуларынын окуу, маалыматтык жана изилдөө компетенттүүлүгүн жана чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү максатында өткөрүлдү.

Сынак быйыл биринчи жолу өткөрүлүп жаткандыгына карабастан, сынактын райондук этабына 1600дөн ашык изилдөө долбоор иштери тапшырылды. Сынакка тапшырылган долбоорлор райондук жана областтык деңгээлдерде баалоо критерийлердин негизинде каралды.

Быйылкы сынактын негизги багыттары катары "Мен жана менин дүйнөм" (1-2-класстар), "Кыргызстандын элдеринин маданияты" (3-4-класстар) жана "Жердин биологиялык ар түрдүүлүгүн сактайбыз" (5-6-класстар) темалары камтылды. Бул багыттардын алкагында ар долбоорду жетектеген мугалим менен окуучулар өздөрү биргелешип тандаган темалар боюнча долбоордук иштер сунушталды.

Областтык деңгээлде, Ош жана Бишкек шаарларында алдыңкы орундарды багындырган 29 изилдөө долбоор иштери Республикалык деңгээлдеги сынактын финалына келип түштү. Эки күндүн ичинде калыстар тобу бул иштерди карап чыгып, сынакты өткөрүү жобосунда бекитилген критерийлердин негизинде ар бир курактык топ боюнча жеңүүчүлөрдү аныктады. Финалда каралып жаткан 29 изилдөө долбоор иштеринин баары бул шилтеме аркылуу көргөнгө жеткиликтүү https://drive.google.com/drive/folders/1DFEBQ3syQvrBZ3afzjck6mcvOKV__FPk?usp=sharing.

"Окуйбуз, жаратабыз, изилдейбиз!" Республикалык сынагынын жеңүүчүлөрү:

1-2 класстар

1-орун - Иващенко Лариса, Бишкек шаары, №26 орто мектеп,

2-орун - Султанбекова Зайнура, Чүй облусу, Москва району, Бажана орто мектеби

3-орун - Каразакова Курбанжан, Баткен облусу, Баткен району, Мурзапаров атындагы орто мектеби

3-орун - Юлдашева Гүлназ, Жалал-Абад облусу, Ала-Бука району, №3 Орозалиев атындагы орто мектеби

3-орун - Мажитова Салтанат, Бишкек шаары, №90 толук эмес орто мектеп

3-4-класстар

1-орун - Микарамова Бактыгүл, Баткен облусу, Кадамжай району, Баюми атындагы орто мектеби

2-орун - Дуулатбек кызы Мира, Бишкек шаары, №96 орто мектеп

3-орун - Байбекова Алтынкүл, Чүй облусу, Аламүнд району, Табалдинов атындагы орто мектеби

5-6-класстар

1-орун - Елена Бортникова, Талас облусу, Талас шаары, №2 Рысакова атындагы орто мектеби,

2-орун - Орозбаева Динара, Баткен облусу, Кадамжай району, Юсупов атындагы №12 орто мектеп

3-орун - Мониева Акмарал, Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары, №21 Болотов атындагы орто мектеби

 

Оригиналдуу идеясы жана практикалык мааниси менен айырмаланган изилдөө долбоорлору төмөнкү номинациялар боюнча ыйгарылат:

 

1. «Экологиялык долбоор» номинациясына Нарын облусунун Нарын районундагы Жутакеев атындагы орто мектебинин «Табиятты табият менен сакталы» изилдөө долбоору сыйланат

2. «Маданий көп түрдүүлүктү колдоо долбоору» номинациясынаЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районундагыКалиев орто мектебинин«Жүндү кайра иштетүүдө табигый түстөрдү алуу»  изилдөө долбоорусыйланат

3. «Чыгармачыл долбоор» номинациясындаТалас шаарынын Дарданов атындагы орто мектебининин «Менин досум пластилин» изилдөө долбоору сыйланат

4. «Илимий долбоор» номинациясында Ош шаарынын № 23 Панфилов атындагы мектеп-гимназиясынын «Аалам» изилдөө долбоору сыйланат

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар