Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
ЖАШ ОЙЛОП ТАБУУЧУЛАР ДОЛБООРЛОРУН СУНУШТАШТЫ

Көрүлдү: 761

19-майда Бишкекте республиканын мектеп окуучулары жана студенттери экономикалык, өнөр жай жана социалдык актуалдуу проблемаларды чечүүгө багытталган долбоорлорун жана ойлоп табууларын «Сколково. Билим берүүдөгү жана илимдеги алдыӊкы технологиялар жана заманбап тенденциялар» тегерек столунда катышуучулардын сынына койду.

post.title

Жаш техниктердин эмгектерине «Сколково» фондунун региондук өнүктүрүү жана КМШ өлкөлөрү менен кызматташуу боюнча вице-президенти Александр Окунев жана Москва энергетикалык институтунун өкүлү Константин Шиш баа берди.

Белгилей кетсек, жаш ойлоп табуучулар буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги менен «Алтын түйүн» Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы өткөргөн «Илим+Ойлоп табуу=Техника!» Республикалык окуучулардын илимий-техникалык олимпиадасына жана «Биз – ХХI кылымдын интеллектуалдары» эл аралык сынагына катышкан.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар