Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
Жаш математиктер олимпиадасы жыйынтыкталды

Көрүлдү: 642

2022-жылдын 15-майынан 17-майга чейин математика боюнча "Жаш пифагорлор илим жана техника дүйнөсүндө" республикалык олимпиадасынын финалы өттү.

post.title

Быйыл олимпиадага жалпы 3677 окуучу катышып, андан финалга 121 окуучу өткөн.

Аталган олимпиадада жеке жана тайпалык категорияда жеңишке жеткендер баалуу сыйлыктар менен сыйланды.

Жеке биринчиликте жеӊүүчү аталгандар:

«3-4-класстар» категориясында:

·I орун – Тахмина Акылбекова (Нарын облусу, Ак-Талаа району, Чолок-Кайыӊ айылы, Б. Календерова ат. орто мектеби);

·II орун – Никита Гончаров (Бишкек шаары, А.Токомбаев ат. №24 МГ);

·III орун – Суманбар Мамуржонова (Жалал-Абад облусу, Ала-Бука району, Сафед-Булан, № 35 МГ);

«5-6-класстар»:

·I орун – Санжар Айжигитов (Бишкек шаары, "Келечек MIT");

·II орун – Ангелина Ким (Бишкек шаары, А.Токомбаев ат. №24 МГ) жана Асема Раева (Жалал-Абад облусу, Ала-Бука району, Совет-Сай айылы, «Совет» ат. №21 мектеп);

·III орун – Ален Бейшембиев (Бишкек шаары, А.Токомбаев ат. №24 МГ), Адиль Ришат уулу (Бишкек шаары, №13 МГ) жана Айзирек Акылбекова (Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Кара-Көл, №1 ОМ);

«7-8-класстар»:

·I орун – Матвей Низовский (Бишкек шаары, №61 АФММЛ ОК);

·II орун – Назар Киргизбаев (Бишкек шаары, №61 АФММЛ ОК);

·III орун – Максим Залепо (Бишкек шаары, №61 АФММЛ ОК) жана Курманжан Анарбекова (Жалал-Абад облусу, Шамалды-Сай айылы).

 

Командалык биринчиликте байгелүү орундар:

·I даражадагы диплом - Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын курама командалары;

·II даражадагы диплом - Бишкек шаарынын жана Ош облусунун курама командалары;

·III даражадагы диплом - Ала-Бука районунун командасы.

 

Математикалык квестте:

I орун - Бишкек шаарынын 7-8-класс, Жалал-Абад, Шамалды-Сай ш. 7-8-класс жана  Баткен облусунан келген 3-6-класстын окуучулары;

II орун –  Жалал-Абад облусунун 3-6-класстары, Бишкек шаарынын жана  Ош облусунун 3-6-класстарынын курама командасы, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын 3-6-класстарынын окуучулары;

III орун - Жалал-абад облусунун 3-6, 7-8-класстары жана Ала-Бука районунун 3-6-класстарынын окуучулары.

        Белгилей кетсек, математика боюнча "Жаш пифагорлор илим жана техника дүйнөсүндө" республикалык олимпиадасы 16 жылдан бери Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен  «Алтын түйүн» Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы  тарабынан уюштурулуп келе жатат.

Акыркы үч жылдан бери бул олимпиадага Казакстан Республикасынан  дагы окуучулар катышып келет.

 

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар