Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
“Акыркы коңгуроодо" акча чогултууга тыюу салынат

Көрүлдү: 1270

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен “Акыркы коңгуроо” салтанаты билим берүү мекемелеринде 2022-жылдын 9-июнунда саат 9:00до өтөт.

post.title

“Акыркы коңгуроо” салтанатын уюштуруу жана өткөрүүдө окуучулардан жана алардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча чогултууга катуу тыюу салынат.

Ошондой эле бул күнү мектептин айланасында ачык отту, күйүүчү, пиротехникалык жана башка травматикалык заттарды колдонууга уруксат берилбейт.

Окуучулар жана алардын ата-энелери «Акыркы коңгуроо» салтанатында коопсуздук эрежелерин жана коопсуздук чараларын сактоонун зарылдыгы боюнча жол-жоболор менен таанышуусу кажет.

Райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү укук коргоо кызматкерлери менен бирдикте окуучулардын өздүк коопсуздугун сактоону камсыздоодо ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө тийиш.

 

Буйрук № 919/1, 18.05.2022

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар