Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
«Жоокер ыры» кароо-сынагынын жыйынтыгы чыгарылды

Көрүлдү: 1494

2022-жылдын 23-мартынан 25-мартына чейин Бишкек шаарында «Жоокер ыры» аскердик-атуулдук ырлардын VII республикалык кароо-сынагы өткөрүлдү.

post.title

Аталган конкурс «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын «Жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын жана Кыргыз улуттук аскер лицейинин курсанттарынын арасында Аскердик-атуулдук ырларды мыкты аткаруу боюнча VII республикалык конкурсун өткөрүү жөнүндөгү биргелешкен буйругун ишке ашыруу максатында уюштурулду.

 Кароо-сынакка 7 облустан 28 адам катышты.

«Жоокер ыры» кароо-сынагы 3 номинацияда өткөрүлдү: 

- Согуш жылдарындагы ырлар,

- Патриоттук ырлар,

- Көркөм окуу.

Кароо-сынактын жеңүүчүлөрү Билим берүү жана илим министрлигинин баалуу белектери менен сыйланышты:

Гран-при – ноутбук (1),

1-орун – телевизор (3),

2,3-орундар – смартфон (6 даана).

Андан тышкары, катышуучуларга заманбап гаджеттердин топтомун алууга сертификаттар тапшырылды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар