Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
Кыргызстанда окуучулардын олимпиадасынын республикалык этабы башталды

Көрүлдү: 1469

2022-жылдын 23-мартында мектеп окуучуларынын олимпиадасынын IV (республикалык) этабы башталды. Ушуга байланыштуу бүгүн Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинде олимпиаданын ачылыш аземи болду. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова катышты. Министрдин орун басары бардык катышуучуларга олимпиададагы ийгиликтерди каалады.

post.title

Олимпиаданын IV (республикалык) этабында III (облустук) этапта алдыга озуп чыккан 323 окуучу төмөндөгү предметтер боюнча таймашып жатышат: окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн кыргыз тили жана адабияты, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн кыргыз тили жана адабияты, окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн орус тили жана адабияты, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн орус тили жана адабияты, англис тили, математика, информатика, физика, химия, биология, география, тарых.

Бардык этаптагы олимпиадалык тапшырмалар Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тарабынан түзүлгөн.

Олимпиаданы Билим берүү жана илим министрлиги Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору менен биргеликте өткөрүүдө.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу соңку 2 жылдан бери олимпиаданын IV этабы өткөрүлбөй келген. Ошол эле учурда окуучуларды колдоо максатында III этап жыйынтыктоочу этап болуп эсептелип келген.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар