Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
Мектеп мугалимдери жүргүзүүгө милдеттүү болгон документтердин тизмеси жана формалары бекитилди

Көрүлдү: 7584

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдери тарабынан жүргүзүлүүгө (толтурулууга) милдеттүү болгон документтердин тизмесин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2020-жылдын 28-декабрындагы №1097/1 буйругуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» буйрукка кол койду.

post.title

Эми бул буйрукка ылайык предметтик мугалимдер класстык журналды жүргүзүшөт, календардык-тематикалык планды жана сабактын план-конспектин түзүшөт, ал эми класс жетекчилер класстык журналды жүргүзүшөт, окуучулардын өздүк делосун жана класстын социалдык паспортун толтурушат.

Класстык журнал электрондук вариантта толтурулган учурда аны чейректин аягында кагазга чыгарып, окуу бөлүмүндө сактоо зарыл.  

Календардык-тематикалык план окуу жылынын башында жаңыланат, аны мектептин жетекчиси бекитет.

Мектептеги үзгүлтүксүз эмгек стажы 5 жылга жете элек предметтик мугалим сабактын толук план-конспектин жазат. Аны кол менен жазса да болот, компьютерде терсе да болот. Ал эми мектепте 5 жылдан ашык иштеген мугалим план-конспект жазбастан, сабакты чыгармачылык менен өтө алат.

Документтердин тизмеги жана формалары

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар