Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
Лебединовкадагы №1 мектеп-гимназиянын тарых мугалими өз ишине кайтып келди

Көрүлдү: 1288

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылындагы №1 мектеп-гимназиянын тарых мугалими Жылдыз Садырбаева өзү иштеп кеткен мектепке кайтып келди. Анын бул кадамга барышына өз кесибине болгон сүйүүсү, өзү окуткан окуучулардын ата-энелеринин суранычы, ошондой эле министрликтин колдоосу түрткү берген.

post.title

7-мартта билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин тапшырмасы менен министрдин биринчи орун басары Бактияр Орозов аталган гимназияга барып, мектептин администрациясы жана тарых мугалими менен жолугушуп, айымдарды алдыдагы эл аралык майрамы менен куттуктады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Б. Орозов министрлик мындан ары билим берүү уюмдарындагы тартипке, тазалыкка, окутуунун мазмунуна жана сапатына өзгөчө көңүл бурарын, педагогдордун иштөөсү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө умтуларын билдирди. Ошол эле убакта Б. Орозов педагогдор коомдун эң абройлуу мүчөсү болууга тийиш экенин, аларды андай деңгээлге көтөрүү үчүн министрлик өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде чечкиндүү кадамдарды жасоого даяр экенин айтты.

Жолугушууга министрдин жардамчысы Илгиз Султанов, министрликтин мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиев жана Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Динар Шаркуловалар да катышты.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 21-январында Лебединовка айылындагы №1 мектеп-гимназияда болгон окуянын чоо-жайын териштирген билим берүү уюмунун этика боюнча комиссиясынын корутундусунун негизинде мектептин администрациясы мугалимге сөгүш жарыялаган. Ошондон кийин ал жумуштан өз ыктыяры менен бошонуу тууралуу арыз жазган. Мектеп жетекчилиги анын арызын канааттандырган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар