Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
Мектеп мугалимдери жүргүзүүгө милдеттүү болгон документтердин тизмеси жана формалары бекитилди

Көрүлдү: 7

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев 2022-жылдын 24-февралында «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдери тарабынан жүргүзүлүүгө (толтурулууга) милдеттүү болгон документтердин тизмесин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2020-жылдын 28-декабрындагы №1097/1 буйругуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» буйрукка кол койду.

post.title

Эми бул буйрукка ылайык предметтик мугалимдер Класстык журналды, Календардык-тематикалык планды жана Сабактын план-конспектин гана жазышат, ал эми класс жетекчилер Класстык журналды, Окуучулардын өздүк делосун жана Класстын социалдык паспортун гана толтурушат.

Предметтик мугалим Класстык журналдын электрондук вариантын толтурат. Журнал чейректин аягында кагазга чыгарылып, кагаз вариантында окуу бөлүмүндө сакталат. Эгерде мектеп электрондук вариантка өтө элек болсо, анда кагаз варианты толтурулат.

Календардык-тематикалык план окуу жылы башталганда жаңыланат, аны мектептин жетекчиси бекитет.

Мектептеги үзгүлтүксүз эмгек стажы 5 жылга жете элек предметтик мугалим толук план-конспект жазат. Мектепте 5 жылдан ашык иштеген мугалим план-конспект жазбастан, сабакты чыгармачылык менен өтө алат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар