Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
Англис тили мугалимдеринин республикалык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Көрүлдү: 1313

2022-жылдын 17-февралында англис тили мугалимдеринин республикалык сынагынын жеңүүчүлөрүн онлайн сыйлоо аземи болуп өттү. Бул сынак Билим берүү жана илим министрлигинин жана АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин колдоосунда “Лингва” коомдук фонду тарабынан уюштурулган. Сынактын максаты – билимин көрсөтүүгө жана окутуунун заманбап усулдары боюнча идеяларды жайылтууга даяр прогрессивдүү мугалимдерди аныктоо.

post.title

Мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан жалпы билим берүүчү мектептердин жана жогорку окуу жайлардын мугалимдери катышышты. Мектеп мугалимдери үчүн сынак үч этапта өткөрүлдү: жазуу жүзүндөгү тестирлөө; окутуунун инновациялык методдорун колдонуу боюнча сабак пландарын жана маектерди иштеп чыгуу. Жогорку окуу жайларынын окутуучулары арасында англис тилин окутуунун коммуникативдик методу боюнча мыкты академиялык макала жазуу боюнча сынак өткөрүлдү.

Жалпысынан сынакка катышуу үчүн 660 арыз катталган. Калыстар тобу Кыргыз билим берүү академиясынын, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун өкүлдөрүнөн, “Лингва” фондунун методисттеринен, англис окуу боюнча улуттук китептердин авторлорунан жана АКШ Элчилигинин алдында иштеген англис тили боюнча адистен турду.

Сыйлык тапшыруу аземи Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси менен 2022-жылдын 14-февралынан 19-февралына чейин өткөрүлгөн англис тили жумалыгына карата уюштурулду. Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагындагы орто мектептерде ар кандай иш-чаралар өткөрүлдү, анын ичинде викториналар, дубал гезиттердин сынактары, сабак планын иштеп чыгуу жана алмашуу программасынын бүтүрүүчүлөрү жана АКШ Элчилигинин кызматкерлери онлайн презентацияларды өткөрүштү.

Биринчи орундардын жеңүүчүлөрү баалуу сыйлыктарга (Acer A315-34 Intel ноутбук, Canon i-SENSYS MF3010 принтери, Kindle Paperwhite 4 электрондук окугуч жана эл аралык басмаканалардын китептери) ээ болушту.

Республикалык масштабдагы бул иш-чара кесиптик тажрыйба алмашууну кеңейтүүгө жана Кыргызстандагы англис тили мугалимдеринин кесиптик деңгээлин системалуу түрдө жогорулатууга мугалимдерди шыктандырууга өбөлгө түзөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар