Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада информатика жана математикадан медалдарды жеңип алышты

Көрүлдү: 1173

2022-жылдын 15-23-февралында өткөрүлгөн XVIII эл аралык Жаутыков IZhO-2022 олимпиадасында кыргызстандык окуучулар жана мугалимдер медалдарды жеңип алышты.

post.title

Курманбек баатыр лицейинин окуучусу Тенгиз Беккоёнов жана Ч. Айтматов атындагы лицейдин окуучусу Айдар Мундузбаев информатика боюнча алтын медаль утуп алышты.

Ал эми “Кут-Билим” окуу-тарбия комплексинин окуучулары Эржан Улукбеков, Асылбек Исмаилов жана М. Субакожоев атындагы лицейдин окуучусу Данияр Бейшекеев, Ч. Айтматов атындагы лицейдин окуучусу Талант Дыйканбаев информатика боюнча коло медалдарга ээ болушту.

Жайыл баатыр лицейинин окуучусу Талгат Бактыбеков математика боюнча коло медалды коло медаль утуп алды.

IZhO-2022 менен катар өткөрүлгөн IMPACT математика, физика жана информатика мугалимдеринин жана машыктыруучулардын олимпиадасында “Газпром-Кыргызстан” мектебинин информатика мугалими Медер Осмонов алтын медаль, математика мугалими Мамат Ишматов күмүш медаль жеңип алышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар