Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
Кыргызстандык окуучу Info(1)Cup программалоо боюнча эл аралык мелдеште алтын медал жеңип алды

Көрүлдү: 990

11-13-февралда Info(1)Cup жеткинчектер арасында программалоо боюнча VI эл аралык мелдеш өткөрүлдү. Мелдешти Румыниянын Прахова округунун Алдыңкы тажрыйба борбору уюштурду.

post.title

Мелдешке дүйнөнүн 14 өлкөсүнөн, атап айтканда, Армения, Болгария, Венгрия, Грузия, Египет, Испания, Италия, Кипр, Кыргызстан, Молдова, Россия, Румыния, Сирия жана Украинадан 16 жашка чыга элек 160 окуучу катышты.

Кыргызстандын командасында төмөндөгү окуучулар мелдешке катышып, курч атаандаштык жаратышты:

1. Байтөрө Майрамбеков, Талас шаарындагы «Манас-Ата» лицейинин 9-классынын окуучусу.

2. Айдар Мундузбаев, Бишкек шаарындагы Ч. Айтматов атындагы лицейдин 10-классынын окуучусу.

3. Максат Темирбеков, Бишкек шаарындагы «Кут-Билим» окуу-тарбия комплексинин 9-классынын окуучусу.

4. Исхак Тажибаев, Бишкек шаарындагы «Кут-Билим» окуу-тарбия комплексинин 8-классынын окуучусу.

Мелдешке команданы «Сапат» лицейинен Кылычбек Урайымов, «Кут-Билим» окуу-тарбия комплексинен Манас Саматовдор даярдашкан.  

Мелдештин жыйынтыгында Кыргызстандан Айдар Мундузбаев алтын медал жеңип алды.

Сыйлоо аземинин шилтемеси: https://www.youtube.com/watch?v=xDAqRgZrC8c

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар