Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү жаңы мектептерди кабыл алуу боюнча жумушчу топтун курамына киргизилет

Көрүлдү: 1485

7-февралда Бишкекте ысык тамак уюштуруу үчүн шарттары жок авариялык абалдагы мектептердин ашканаларын изилдөөнүн жыйынтыктары талкууланды. Иш-чарага БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Министрлер Кабинетинин алдындагы Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү катышышты.

post.title

БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы мектеп ашканаларын изилдөөнүн жыйынтыктары менен тааныштырып, жолугушуунун катышуучуларынын көңүлүн айрым мектептердин ашканаларындагы бөлмөлөрдүн жетишсиздигинен жабдуулар  менен камсыздоодо жана ысык тамак берүүнүн санитардык нормаларына жана эрежелерине шайкештикти камсыздоодо кандай тоскоолдуктар жаралып жатканына бурду.

Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин өкүлү Мария Кушубакова кээ бир мектептердин ашканалары санитардык нормаларга жана эрежелерге ылайык ысык тамак берүү үчүн жараксыз экенин айтты. Ал ошондой эле айрым мектептерде медициналык бөлмөлөр жетишсиз болуп жатканына тынчсыздануусун билдирди.

БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлдөрү курулган мектептерди пайдаланууга кабыл алуу боюнча жумушчу комиссиянын курамына Билим берүү жана илим министрлигинин жана Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүн киргизүүнү сунушташты.

Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директору Талантбек Эшбаев ашканалардын ысык тамак берүүгө жарамдуулугун баалоо үчүн курулуш учурунда мектептерге чогуу барууну уюштурууну сунуштады. Жолугушуунун катышуучулары бул демилгени колдошту, ал эми Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлдөрү мектептерге баруу иш-чарасын уюштурууга даяр экендиктерин билдиришти.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар