Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
ОШТО «ОКУУ КЕРЕМЕТ» ДОЛБООРУНУН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

Көрүлдү: 583

2024-жылдын 1-мартында Ош шаарында «Окуу керемет» долбоорунун натыйжалары жана жетишкендиктери» деп аталган жыйынтыктоочу тегерек стол өттү.

post.title

Тегерек столго КР Билим берүү министрлигинин Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетектчүөө адиси Ольга Брызгалова, Ош шаарынын мэриясынын, Областтык билим берүү институтунун, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн, педагогикалык жогорку жана кесиптик орто окуу жайларынын өкүлдөрү, балдар адабият китептеринин авторлору, Ош областындагы максаттуу мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдери, китепканачылары жана администрация өкүлдөрү катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар долбоордун алкагында натыйжалар менен бөлүшүштү жана башталгыч билим берүү системасында долбоордун натыйжаларын туруктуулугун бекемдөө боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты.

2020-2024-жж. Ош областы боюнча өткөрүлгөн иштердин жыйынтыктары:

• 464 мектеп жана 13 коомдук китепкана окутуу жана усулдук колдоо боюнча иштерге активдүү катышышты;

• 3 821 башталгыч класстардын мугалими окуучулардын окуу жана жазуу көндүмдөрүн калыптандыруу боюнча 72 сааттык окутууну жана 3 482 башталгыч класстардын мугалими математиканы окутуу боюнча 144 сааттык окуудан өтүштү. Аталган мугалимдер кесиптик чеберчилигин жогорулаткандыгы тууралуу КР БбИМ ПККЖ жана КДИ менен ОБбИ сертификаттарын алышты;

• 930 методист жана мектеп администрация өкүлдөрү окуу жана математиканы окутууда мугалимдерге усулдук колдоо көрсөтүү боюнча тренингдерге катышты;

• 464 максаттуу мектептер математикалык сандыкчаларды, мугалимдер үчүн дидактикалык материалдардын топтомун жана кошумча окууга жаңы балдар китептерин алышты;

• Ата-энелерди жана жергиликтүү коомчулукту тартуу менен функционалдык сабаттуулукту өнүктүрүү боюнча класстан тышкаркы иш-чараларга 54 000ге жакын окуучу катышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар