Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
Кыргызстандык мугалим машыктыруучулар арасындагы эл аралык олимпиадада I орунду ээледи

Көрүлдү: 1321

Ушул жылдын 4-5-декабрында Алматы шаарында математика, физика жана информатика мугалимдеринин VIII эл аралык конкурсу өттү.

post.title

Бул олимпиадага 220дан ашуун математика мугалими, 70тен ашуун физика мугалими, 50дөн ашуун информатика мугалими катышты. «Газпром Кыргызстан» мектебинин мугалими Медер Осмонов да аталган олимпиадага катышып, бардык маселелерди чечип, I орунду ээледи.

Кыргызстандан олимпиадага математика боюнча калыстар тобунун мүчөсү катарында «Газпром Кыргызстан» мектебинин математика мугалими Мамат Ишматов да чакырылган. Ал бул олимпиадага 2019-жылы катышып, 108 катышуучунун арасынан математика боюнча I орунду багындырган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар