Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
Мугалимдер үчүн квалификацияны жогорулатуу курстарын өткөрүү пландалууда

Көрүлдү: 1347

Россотрудничествонун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ортосунда мурда жетишилген макулдашуулардын алкагында ушул жылдын декабрь айында башкалгыч класстардын мугалимдери жана физика, химия, биология, орус тили жана математика мугалимдери үчүн квалификацияны жогорулатуу курстарын өткөрүү пландалууда.

post.title

Чүй, Нарын облустарынын жана Бишкек шаарынын мектептеринин 300 мугалими жана методисттери үчүн квалификацияны жогорулатуу курстары Россия мамлекеттик педагогикалык университетинин окутуучулары тарабынан төмөнкүдөй шарттарда өткөрүлөт:

- 2021-жылдын 7-декабрынан 9-декабрына чейин: Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында, Чүй облусунун Токмок шаарында жана Бишкек шаарында;

- 2021-жылдын 11-декабрынан 13-декабрына чейин: Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор айылында.

Окуу аяктагандан кийин мугалимдерге Россия мамлекеттик педагогикалык университетинин сертификаттары берилет.         

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар