Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
Бишкекте 2021-жылдын мыкты мектеп ашпозчусу аныкталды

Көрүлдү: 978

2021-жылдын мыкты мектеп ашпозчусу бүгүн Бишкек шаарында өткөн конкурстун финалында аныкталды. Сегиз айга жакын күч сынашкандан кийин алдыга озуп чыккан эң мыкты мектеп ашпозчулары бүгүн Бишкектеги «Orange» кулинардык студиясында өнөрлөрүн көрсөтүштү.

post.title

Алгач 57 мектептин ашпозчулары биринчи баскычка катышкан. Өлкөнүн булуң-бурчунан мелдешке катышууну каалаган ашпозчулар алгач кантип бул кесипти тандаганы тууралуу баяндарын жөнөтүшкөн. Экинчи баскычта калыстар тобу ашпозчулардын бул кесипти кантип тандап алганы тууралуу мыкты аңгемелерин аныктаган. 35 мыкты ашпозчу тандалып, мектеп менюсуна жаңы рецептти иштеп чыгышкан. Алардын арасынан эң чыгармачыл беш рецептти түзгөн ашпозчулар финалдык турга өтүшкөн.

Финалдык турдун жыйынтыгы боюнча Талас областынын Манас районуна караштуу Май айылындагы Шабданбек Кочкорбаев атындагы орто мектептин ашпозчусу Назгүл Алыбаева 2021-жылдын эң мыкты мектеп ашпозчусу деп табылды. Ал эми 2-орунду Максатбек Кожокеев (М. Элебаев атындагы №10 орто мектеп, Ысык-Көл областы), 3-орунду – Гүлсада Батырбекова (Султаналы уулу Кушубак атындагы орто мектеп, Талас областы), 4-орунду – Айша Губарова (В.И. Ленин атындагы орто мектеп, Чүй областы), 5-орунду – Инаят Курбаналиева (Бурхан Набиев атындагы орто мектеп, Баткен областы) ээледи.

Бул конкурс мектеп окуучуларынын ысык тамагын даярдоодо жана тейлөөдө өз өнөрлөрүн көрсөтүп келген мектеп ашпозчуларынын эмгегин даңазалоо, ошондой эле өлкөнүн келечеги болгон балдардын туура тамактануусунун маанилүүлүгүнө коомчулуктун көңүлүн буруу максатында уюштурулуп келет.

Мектеп ашканаларында даярдалган даамдуу тамак-аш коомчулукта тамактануу маданиятын тарбиялайт. Айталы, Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен бирге жүргүзгөн акыркы изилдөөсүнө ылайык, туура эмес тамактануу кыргызстандыктардын ден соолугуна кедергисин тийгизген негизги фактор бойдон калууда.

“Мектеп жөн гана билим ала турган жай эмес, ал – келечектеги коомчулуктун тиреги болгон жарандарды тарбиялаган жай. Мектептерде балдарды ар түрдүү азыктар менен камсыз кылуу дени сак жарандарды калыптандырууга мүмкүнчүлүк берет, – дейт Кыргыз Республикасындагы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын директорунун милдетин убактылуу аткарып жаткан Майкл Хаггинс. – Демек, мектеп ашпозчуларынын чыгармачылыгы, талыкпаган эмгеги балдардын жаркын келечегине өбөлгө түзөт”.

Мектеп ашпозчуларынын мелдеши Улуттук мектеп тамак-аш программасынын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Программа өлкө боюнча 800дөн ашуун мектептеги 220 миңден ашуун баштапкы мектеп окуучуларын сапаттуу тамак менен камсыз кылууда.

“Мектепте тамактандыруу балдардын окуусуна көмөктөшөт жана алардын ден соолугун чыңдайт. Улуттук программанын пайдасы мектептен тышкары да байкалат”, – деди Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова.

Белгилей кетсек, 2013-жылдан бери Россия Федерациясынын финансылык колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Дүйнөлүк азык-түлүк программасы, Индустриалдык тамактануу институту менен биргеликте Мектепте тамактанууну жакшыртуу программасын ишке ашырып келе жатат. Бул программа улуттук жана жергиликтүү бийликтин, коомчулуктун жана донорлордун колдоосу менен кеңири таанылган демилге болуп саналат.

Конкурс БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Индустриалдык тамактануу институту (SIFI) тарабынан колдоого алынды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар