Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
Озерное айылында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Көрүлдү: 824

Бүгүн, 28-октябрда, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Пригородный айыл аймагына караштуу Озерное айылында эки кабаттуу, 375 орундуу мектеп окуучуларга эшигин ачты.

post.title

Мектептин курулушу мындан эки жыл мурун башталган. Курулуш объектин каржылоого Сауд Өнүктүрүү Фондунун жеңилдетилген насыялык каражаттарынын эсебинен 90 957 сом сарпталган.

Мектеп замандын талаптарына жооп берет. Мектепте кабинеттик системада окууга толук шарттар түзүлгөн. Химия, физика, биология, информатика, лингвистика, технология кабинеттери талаптагыдай жасалган. Спорт залы, жыйындар залы, ашканасы, китепканасы жана технология бөлүмдөрү бар. Сыртта волейбол, баскетбол, футбол аянтчалары курулган.

Мектептин ачылышына Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Бактыбек Анаркулов, Сауд Өнүктүрүү Фондунун өкүлдөрү, мектеп мугалимдери жана окуучулар, ошондой эле айыл тургундары катышышты.

Бүгүнкү күндө 192 орундуу эски мектепте жана 375 орундуу жаңы мектепте жалпысынан 2250 окуучу билим алып жатат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар