Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
Орок орто мектебин ушул жылдын 1-декабрына чейин колдонууга берүү пландалууда

Көрүлдү: 882

Ушул жылдын 22-октябрында “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөн кеңейтилген маалымат жыйынында “Регион” телеканалынын кабарчысы Алтынбек Бектуров Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл аймагына караштуу Селекция айылындагы мектептин курулушу бүтө жаздап калганын, бирок жылытуу системасы жасала электигине байланыштуу мектеп колдонууга берилбей, эски мектепте балдар 4-5 нөөмөт менен окууга аргасыз болуп жатканын айтып, маселени чечүүгө көңүл бурууну өтүнгөн. Президент Садыр Жапаров тийиштүү жетекчилерге бул маселени тез арада чечүүнү буюрган.

post.title

Мамлекет башчысынын тапшырмасын аткаруу үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиев, мамлекеттик сатып алуулар жана инфраструктура бөлүмүнүн башчысы Бакыт Кадыркуловдор Орок орто мектебине барып, курулуш фирмасынын өкүлдөрүнө жолугуп, курулуш объектин көрүп келишти.

Алынган маалыматка ылайык, Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Селекция айылындагы Орок орто мектебинин эски имараты 1989-жылы курулуп бүтүп, пайдаланууга берилген. 22 окуу бөлмөсү бар мектеп 320 окуучу орунга эсептелинген.

Орок орто мектебинин аймагына Бишкек шаарына караштуу Ак-Өргөө, Ак-Ордо, Арча-Бешик конуштары жана Орок айыл аймагына караштуу Селекция айылы, Теңир-Тоо, Салкын-Төр, Салкын-Жай, Сары-Өзөн жаңы конуштары жакын жайгашкан. Бүгүнкү күндө ушул аймакта Орок орто мектебинен башка мектептин жоктугунан, жогорудагы конуштардын жашоочуларынын балдары ушул мектепке келип окушат. Бүгүнкү күндө бул мектепте 2517 окуучу билим алып, 110 мугалим эмгектенип жатканы мына ошондон.

Демографиялык өсүшкө жана ички миграцияга байланыштуу Бишкек шаарында жана ага чектеш Орок айыл аймагында окуучулардын саны жылдан-жылга өсүп, жаңы мектепке муктаждык жаралганы эске алынып, 2019-жылдын август айында 500 орундуу жаңы мектептин курулушу башталган. Курулуш иштерин «OZTOPRAK» жоопкерчилиги чектелген коому жүргүзгөн. Коррупция менен күрөштөн түшкөн каражаттарды топтоо үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсептин каражаттарынын эсебинен 2020-жылдын октябрь айына карата 92,5 млн сомдук жумуштар каржыланып, мектептин отканасы менен сырттагы ажатканасы эле калган.

2021-жылдын планында кошумча жумуштарды аткарууга 5,2 млн сом каралган. Бул сумманы өздөштүрүү үчүн конкурс (тендер) жарыяланган. Конкурстун жыйынтыгы боюнча жеңүүчү деп табылган фирма курулуш иштерин ушул жылдын 1-декабрына чейин бүткөрүү милдетин өз мойнуна алат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар