Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
Бишкекте Кыргызстандагы орус тилинде окуткан мектептердин директорлорунун I форуму өттү

Көрүлдү: 954

2021-жылдын 21-22-октябрында Бишкек шаарында Кыргызстандын орус тилинде окутуучу жалпы билим берүү уюмдарынын директорлорунун форуму өттү. Форумду Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Россотрудничествонун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү менен биргеликте өткөрдү.

post.title

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги, Бишкек, Ош шаарларынан жана Чүй, Ысык-Көл, Талас, Нарын, Жалал-Абад, Ош, Баткен областтарынан жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору, ошондой эле билим берүү тармагындагы адистер катышышты. Форумга Россиядан билим берүү жаатындагы адистердин делегациясы, анын ичинде Россиянын ар кайсы аймактарынан (Москва, Курск, Пенза) мектеп директорлору, орус тилин жана адабиятын окутуу методикасы жаатындагы адистер, россиялык басмалардын (“Просвещение”, “Русский язык”, “Союз художников”), “Русская гуманитарная миссия” гуманитардык программасын колдоо уюмунун, “Русский мир” фондунун, “Экономика жогорку мектеби” улуттук изилдөө университетинин өкүлдөрү да келип катышышты.

Форумдун ачылышында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Б. Купешевдин жана Россия Федерациясынын агартуу министри С. Кравцовдун форумдун катышуучуларына кайрылуулары окулду, ошондой эле Россиянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Н. Удовиченко, Россотрудничество уюмунун жетекчисинин орун басары П. Шевцов сөз сүйлөдү.  

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Н. Жусупбекова “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында орус тилин окуп-үйрөнүү көйгөйлөрү, ыкмалары жана келечеги” темасында баяндама жасады. Өз баяндамасында ал Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдарында орус тилинде билим берүүнү, орус тилинин позицияларын колдоо, сактоо жана бекемдөө өзгөчө маанилүү экенин белгиледи.

22-октябрда “Россия Федерациясынын жалпы билим берүү уюмдарындагы орус тилинин азыркы абалы жана орус тилин өнүктүрүүнүн келечеги” жана “Россия Федерациясынын жалпы билим берүү уюмдарында орус тилин жана адабиятын окутуунун өзгөчөлүктөрү” багыттарында секциялык форматта иш жүргүзүлдү. Секциялык иштер мастер-класстарды талкуулоону, секциялардын тематикасына кирген маселелерди талдоону камтыды. Кыргызстандын мектептеринин директорлору үчүн мастер-класстарды тажрыйбалуу методисттер: филология жана педагогика илимдеринин кандидаттары, филология илимдеринин докторлору, КМШ өлкөлөрүндө,анын ичинде Борбор Азия мамлекеттеринде, мастер-класстарды өткөрүү тажрыйбасы мол жогорку категориядагы мугалимдер өткөрүштү. 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар