Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАНА ГЕРМАНИЯНЫН МЕКТЕПТЕРИНИН КЫЗМАТТАШУУСУНУН ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ ТАЛКУУЛАНДЫ

Көрүлдү: 0

Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаевдин Гессен федералдык аймагынын Виезбаден шаарындагы Сауэрланд башталгыч мектебинин директору Кристиан Буш менен жолугушуусу болуп өттү. Анда мектептик билим берүү жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

post.title

Өмүрбек Текебаев Кыргызстан менен Германиянын ортосунда билим берүү тармагындагы кызматташтык ийгиликтүү ишке ашырылып жатканын, университеттер ортосунда кызматташуу жолго коюлганын, Бишкекте эки кыргыз-герман техникалык институту түзүлгөнүн билдирди. Элчи Германиянын Чет өлкөдө мектептик билим берүү уюму аркылуу “Pasch” мектеп өнөктөштүк программасы ишке ашырылып, анын алкагында эки өлкөнүн 6 мектебинин ортосунда ийгиликтүү кызматташуулар жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө мектептин директору Кристиан Буш мектептин иши жана Германиядагы мектептик билим берүү системасы тууралуу маалымат берди. Жолугушууга Германиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлү, аталган мектепте башталгыч класстын мугалими болуп иштеген Гүлмира Гляйхман катышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар