Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
Сергек жашоо мүнөзү боюнча милдеттүү класстык сааттарды өткөрүү үчүн видеосабактар

Көрүлдү: 949

КР Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү уюмдарынын окуучулары арасында сергек жашоо образын калыптандыруу максатында окутуу-тарбиялоо иштерин күчөтүү боюнча № 03-2/1943 нускама-усулдук кат даярдады. Аны менен төмөнкү шилтеме аркылуу кирип таанышууга болот: https://iite.unesco.org/wp-content/uploads/2021/09/Instruktivnoe-pismo-MON-KR-o-videourokah-o-ZOZH-2021.pdf

post.title

Бул катка ылайык, КР БИМдин 2018-жылдын 17-сентябрындагы «СЖМ боюнча класстык сааттарды өткөрүү жөнүндө» № 1168/1 буйругун аткаруу максатында жалпы билим берүү уюмдарынын жана билим берүүнү башкаруу органдарынын жетекчилери СЖМ боюнча класстык сааттардын үзгүлтүксүз өткөрүлүшүн жана «6-11-класстардын окуучулары үчүн СЖМ боюнча класстык сааттарды иштеп чыгуу» усулдук колдонмосун жана башка ресурстардын (шилтемеде жеткиликтүү), ошондой эле “Санарип Сабак” билим берүү YouTube-каналынын «Кошумча билим берүү» бөлүмүндө кыргыз жана орус тилдеринде жайгаштырылган СЖМ боюнча видеосабактардын колдонулушун камсыз кылышы зарыл.

Жаңы видеосабактар ЮНЕСКОнун Билим берүүдөгү маалыматтык технологиялар боюнча институтунун (ИИТО ЮНЕСКО) көмөгү менен, Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептеринин базалык окуу планына жана мугалимдерге арналган «6-11-класстардын окуучулары үчүн СЖМ боюнча класстык сааттарды иштеп чыгуу» усулдук колдонмосуна ылайык даярдалган.

Сабактар 6-7 жана 8-11-класстардын окуучуларына арналган, сергек жана коопсуз жашоо образын калыптандыруу үчүн зарыл болгон бардык негизги темаларды түшүндүрөт.

Айрым сабактарда жетилүү жана өткөөл куракка («Өткөөл курак» сабагы), аба аркылуу жугуучу инфекциялардын, анын ичинде COVID-19 жана башкалардын («Микробдор. Колду жууган эмнеге маанилүү?», «Аба аркылуу жуккан инфекциялар жана алардан кантип коргонуу керексабактары) алдын алуу чараларын көрүүгө байланыштуу маселелер каралат.

Ал эми башка сабактарда мамиле, достук, үй-бүлө куруу, ала качууга жол бербөө тууралуу айтылат («Сүйүү жана мамиле: ал кандай болот?», «Адамдар эмне үчүн достошот жана мамилелердин кандай түрлөрү бар?», «Үй-бүлө жана нике. Бактылуулук эмне алып келет жана ага эмне тоскоолдук кылат?»).

ВИЧти алдын алуу («ВИЧ. Ал тууралуу эмне билүү керек?» сабагы) жана ВИЧ эпидемиясынын социалдык аспекттери («ВИЧ, СПИД жана коом») тууралуу сабактардын алып баруучусу БУУнун ВИЧ жана СПИД боюнча бириккен программасынын (ЮНЭЙДС) ыктыярдуу өкүлү, алып баруучу Эркин Рыскулбеков.

Видеосабактарда татаал нерселер жөнөкөй жана түшүнүктүү тил менен баяндалат. Насыят айтпастан, кадыресе фактылар баяндалган. Ал эми корутундуну көрүүчүлөрдүн өзүлөрү чыгарат. Бул үчүн көрсөтмө сүрөттөр жана эсте калар анимациялык роликтер жардам берет.

Сергек жашоо образын калыптандыруу боюнча бул видеосабактарды класста жана аралыктан (онлайн) өтүүдө колдонууга болот. Алар мугалимге татаал темаларды түшүндүрүүгө жардам берет. Сабакты толук же бир бөлүгүн көргөндөн кийин мугалим көргөн жана уккан нерсеге карата талкуу уюштуруп, окуучуларга видеосабакка камтылган тесттерди жана тапшырмаларды аткарууну сунуш кыла алат.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-жылдын 18-октябрындагы №1706/1 буйругуна ылайык И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети  ЮНЕСКО  ИИТОнун колдоосу менен 2021-жылдын ноябрь айында Кыргызстандын орто мектептеринин 6-11-класстарынын окуучулары үчүн сергек жашоо мүнөзү боюнча класстык сааттарды өткөрүүдө сергек жашоо мүнөзү жана АИДдин алдын алуу боюнча видео сабактарды пайдалануунун методологиясын, аларды пайдалануу боюнча колдонмо менен билим берүү кызматкерлерин окутуу боюнча 14 вебинарды уюштурат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар