Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
Бишкекте 15 жаштагы окуучуларды PISA – 2025 эл аралык программасына катышууга даярдоо боюнча иш-аракеттер планы талкууланды

Көрүлдү: 1751

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 15 жаштагы окуучуларды PISA – 2025 – Билим жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык программага катышууга даярдоо үчүн аракеттердин планын талкуулаган тегерек стол өткөрдү. Иш-чара 28-29-сентябрда Бишкек шаарында болуп өттү.

post.title

Иш-чарада билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова өлкөнүн PISAга катышуусу маанилүү экенин айтып, изилдөөгө даярдык иштеринин негизги кадамдарын белгиледи.

Тегерек столго Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Билимдин сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борборунун, Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун, Кыргыз билим берүү академиясынын, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун, педагогикалык окуу жайлардын өкүлдөрү, ЮСАИД, Евробиримдик жана Дүйнөлүк банктын кызматкерлери катышышты.

Аймактагы педагогикалык окуу жайлардын, облустук институттардын жана усулдук борборлордун өкүлдөрү иш-чарага онлайн форматта кошулду.

Негизги баяндамачы, Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дүйшеева, PISA-2025ти утурлай окуучулардын глобалдык компетенцияларын жана функционалдык сабаттуулугунун негизги багыттарын калыптандыруу жана өнүктүрүү боюнча концептуалдык жолдорун тааныштырды.

Катышуучулар PISA-2025ке даярдык боюнча Жол картасын талкуулап, өнөктөштүктүн, өлкөнүн потенциалын түзүүнүн жана өткөрүлүп жаткан иш-чараларды мониторингге алуунун мүмкүн болгон варианттарын карап, Жол картасынын негизги багыттарын аныкташты:

  1. Кыргыз Республикасында изилдөөнү жүргүзүүгө даярдык иштерин координациялоо (КР ББМ);
  2. Кыргыз Республикасынын изилдөөгө катышуусун маалыматтык камсыздоо (КР ББМ);
  3. Кыргыз Республикасында изилдөөнү жүргүзүүгө даярдануу (КР ББМ жана Билимдин сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борбору);
  4. Изилдөөнү жүргүзүүгө билим берүү системасын даярдоо (Кыргыз билим берүү академиясы жана Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту).

Россия билим берүү академиясынын Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиялары институтунун Билимдин сапатын баалоо борборунун башчысы Галина Ковалева тегерек столго онлайн форматында катышып, Россиянын PISAга катышуу тажрыйбасын бөлүштү.

Бул иш-чараны каржылоо Евробиримдиктин жана Дүйнөлүк банк каржылап жаткан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун колдоосу менен жүзөгө ашырылды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар