Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
ERIK долбоорунун алкагында тандалып алынган мектептерди долбоорлоо жана изилдөө иштери башталды

Көрүлдү: 979

«Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу» (ERIK) долбоорунун алкагында тандалып алынган Бабалашкар атындагы №125 мектепте (Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк айылы), Сары-Алтын мектебинде (Баткен облусунун Кадамжай районундагы Сары-Алтын айылы) жана Нинакан Жүндүбаева атындагы мектепте (Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор айылы) долбоордук аймакты комплекстүү изилдөө иштери башталды.

post.title

Бүгүнкү күндө жогоруда аталган мектептердин аймагында жер кыртышын изилдөө жана жерлерди топографиялык сүрөткө тартуу иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, мектеп имараттарынын жер титирөөгө туруктуулугун, объекттерди инженердик коммуникацияларга туташтыруу шарттарын изилдөө чаралары пландалды.

Жыйынтыгында алынган маалыматтардын негизинде мектепти демонтаждоо же реконструкциялоо керектиги жөнүндө соңку чечим кабыл алынып, долбоордук жана сметалык документтер иштелип чыгат. Башка тандалган мектептерде да ушундай эле тартипте иш жүргүзүлөт.

Эске салсак, ERIK долбоорунун «Мектеп инфраструктурасынын коопсуздугун жана функционалдуулугун жакшыртуу» боюнча 2-компонентинин алкагында Кыргызстандагы жер титирөө коркунучу жогору болгон аймактарда сейсмикалык туруктуулук жана энергоэффективдүүлүк талаптарын эске алуу менен I-этапта 10 мектеп курулат жана реконструкцияланат.

Аталган мектептер 300дөн ашык мектепке жүргүзүлгөн талдоонун жана Дүйнөлүк банк тарабынан иштелип чыккан артыкчылыктуу тизменин негизинде тандалган.

Бардык иштерди «Тумаш» түрк компаниясы аткарат. Себеби ал өлкөдөгү 10 мектепти курууда техникалык-экономикалык негиздемени, долбоорлук-сметалык документтерди иштеп чыгуу жана автордук көзөмөлдү жүргүзүү боюнча консультант болуп саналат. Дал ушул компания «Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу» (ERIK) долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өткөргөн ачык эл аралык сынактын жеңүүчүсү болгон.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар