Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту
Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту
Модернизацияланган ченемдик-укуктук документтерге жана PISAнын талаптарына негиздеп сабакты пландоо

Көрүлдү: 0

БбИМнин алдындагы РПККЖ жана КДИ институтунун филологиялык билим берүү кафедрасында КР Эмгек сиңирген мугалими, профессор, улуттук тренер, п.и.к., Эсеналиева Кенжеке Эсеналиевна Бишкек шаарындагы Октябрь районуна караштуу №99 Кесиптик лицейинде 2024-жылдын 25-ноябрынан 06-декабрына чейин ”Модернизацияланган ченемдик-укуктук документтерге жана PISAнын талаптарына негиздеп сабакты пландоо” аттуу курсун өткөрдү.

post.title

Планда белгиленген модулдардын негизинде  КР  билим берүүдөгү ченемдик–укуктук документтердин мазмунун, дидактикалык негиздерин, күтүлүүчү натыйжаларын, талаптарын аныкташты. Окуучунун позициясындагы сабакты пландаштырууда (репродуктивдүү, продуктивдүү, креативдүү) деңгээлдеги кѳнүгүүлѳрдү, тапшырмалардын критерийлерин талкуулап, күтүлүүчү натыйжалардын шарттуу сандык  белгилерин чечмеледи., PISAнын талаптарына багытталган маалыматтарды өз алдынча жана топ менен талкуулашты.  

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар