Көрүлдү: 0
Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун инновациялык технологиялар борборунун ага окутуучусу Сартова Зыйнаткуль Асаналиевна 2024-жылдын 9-декабрынан баштап,Ысык-Ата районунун кыргыз класстарынын кыргыз тилчи мугалимдери үчүн "Мектеп окуучуларынын логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүү, калыптандыруу жана баалоо боюнча " 72 сааттык курсун аталган райондун Н.Баранов атындагы орто мектептин базасында өткөрүп жатат.
Курска 22 мугалим катышуусу менен 6кун офлайн жана 4 күн онлайн формасында өтүлмөкчү.Курстун угуучулары учурдагы көйгөйлөрдүн бири болгон окуучуларды ЖРТга даярдоо боюнча зор кызыгуу менен теориялык билимдерин практикалык иштер менен айкалыштырышууда.Сабак учурунда айрым мугалимдердин ЖРТ багытында иш жүргүзүүдөгү тажрыйбаларын ортого салышып,тажрыйба алмашуу да мугалимдерге чоң пайда берүүдө.