Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту
Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту
Пайдалуу эл аралык илимий-практикалык конференция жана тажрыйба алмашуу

Көрүлдү: 0

2024-жылдын 15-ноябрында Өзбекстан Республикасынын борбору Ташкент шаарында Абдулло Авлони атындагы Педагогикалык чеберчиликти өнүктүрүү улуттук институтунун 90 жылдыгына арналган «Чеберчилиги жогору мугалим – улуттун таянычы: үзгүлтүксүз кесиптик өсүүнүн учурдагы тенденциялары» аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү.

post.title

Учурунда жаңы багыттагы мектептерди түзгөн агартуучу, жазуучу, драматург А.Авлони 1878-жылы төрөлүп, 1934-жылы көз жумат. Ошол жылы азыркы А.Авлони атындагы Педагогикалык чеберчиликти өнүктүрүү улуттук институту түзүлүп, Авлонинин мурасын 90 жылдан бери татыктуу улантып келет.

Илимий-практикалык конференцияга Өзбекстан Республикасынын Мектепке чейинки жана мектептик билим берүү министри Хилола Умарова, Өзбекстан Республикасынын Кесиптик билим берүү, илим изилдөө жана инновациялар министри Конгратбой Шарипов, PISA эл аралык изилдөөсүнүн негиздөөчүсү Андреас Шляйхер, Улуттук институттун башка мамлекеттердеги өнөктөштөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, республиканын педагогикалык коомчулугу катышып, кызыктуу баяндамалар жасалды.

Конференциянын 2-бөлүгүндө секциялык иштер болуп, А.Авлони атындагы улуттук институттун жыйындар залында PISA эл аралык изилдөөсүнүн негиздөөчүсү Андреас Шляйхер эл аралык изилдөөнүн өзгөчөлүктөрү, Өзбекстан Республикасынын бул изилдөөгө катышуудагы ийгиликтери жана чакырыктар тууралуу кеңири баяндама жасады.

Республикалык институттун директору Алмазбек Токтомаметов пленардык жыйында «Кыргыз Республикасында билим берүү системасын өзгөртүү: жаңы тренддер» аттуу темада баяндама менен чыкты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар