Көрүлдү: 0
Кыргыз Республикасында Билим берүүнүн 100 жылдыгына карата, Мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында 2024-жылдын октябрь айында “Билим берүү бардыгы үчүн: көп тилдүү мамиле” аттуу улуттук форум үч этапта пландалган. Биринчи этап 1-октябрь күнү Ж. Баласагын атындагы КУУнун чоң азем залында КР билим берүү жана илим министри Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевнанын катышуусунда болуп өттү. Экинчи этапта 2024-жылдын 16-22-октябры күндөрү ЖК депутаттары, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын өкүлү, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, РПККЖжКДИ, Бишкек жана Ош шаарларынын билим берүү башкармалыктарынын өкүлдөрү, райББ өкүлдөрү көп тилдүү билим берүү программасы боюнча иштеген мектептерге, бала бакчаларга барып, тажрыйбалар менен тааныша алышты. Акыркы үчүнчү этап 25-октябрь күнү Кыргыз Республикасында 2025-2030-жылдары көп тилдүү билим берүү программасын пландоо жана жайылтуу боюнча жыйынтыктоочу жолугушуу менен аяктады.
Жыйынтыктоочу иш-чарада Кыргыз Республикасында инклюзивдүү көп тилдүү чөйрөнү колдоо үчүн натыйжалуу тилдик саясатты иштеп чыгуу максатында билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү чогулушту.
Кыргыз Республикасында көп тилдүү билим берүүнү өнүктүрүүгө жетишкендиктер, чакырыктар жана келечеги” темасында тегерек стол уюштурулду. Натыйжада Кыргыз Республикасында көп тилдүү билим берүүнү өнүктүрүүнүн программалары, жол картасы сунушталды.