Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту
Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту
Адам капиталын өнүктүрүү боюнча эл аралык форум «Экономикалык өсүүнү камсыз кылуу үчүн адамдарга инвестиция кылуу» аттуу эл аралык форум өтүлүүдө

Көрүлдү: 0

Адам капиталын өнүктүрүү боюнча эл аралык форум «Экономикалык өсүүнү камсыз кылуу үчүн адамдарга инвестиция кылуу» аттуу эл аралык форум 2024-жылдын 14-15-майында Тажикстан Республикасынын борбору Душанбе шаарында өтүүдө. Эл аралык форумга Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан, Туркменстан, Россия Федерациясынан, Молдовадан, Кытай Республикасынан, Америка континентинен, Европадан, Африка өлкөлөрүнөн, жалпысынан Дүйнөлүк Банк ишмердик жүргүзгөн 36 өлкөдөн өкүлдөр катышууда.

post.title

Адам капиталын өнүктүрүү боюнча эл аралык форум
«Экономикалык өсүүнү камсыз кылуу үчүн адамдарга инвестиция кылуу» аттуу эл аралык форум 2024-жылдын 14-15-майында Тажикстан Республикасынын борбору Душанбе шаарында өтүүдө. Эл аралык форумга Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан, Туркменстан, Россия Федерациясынан, Молдовадан, Кытай Республикасынан, Америка континентинен, Европадан, Африка өлкөлөрүнөн, жалпысынан Дүйнөлүк Банк ишмердик жүргүзгөн 36 өлкөдөн өкүлдөр катышууда.

Иш-чараны Тажик Республикасынын Өкмөтү, Дүйнөлүк Банк уюштуруп өткөрүүдө.
Иш-чаранын алкагында 15-майда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмазбек Токтомаметов Кыргызстанда адам капиталын өнүктүрүү, ал үчүн мугалимдерди колдоо жаатында жасалып жаткан иштер боюнча презентация жасады.
Презентацияда «Алтын Казык» программасы, 12 жылдык билим берүүгө өтүү, PISA эл аралык баалоосуна даярдануу, ушул ишмердиктерди ишке ашыруудагы мугалимдин ролу, мугалимдин дараметин күчөтүү боюнча, акыркы жылдарда билим берүү жаатында жасалып жаткан иштер, бюджеттен бөлүнгөн каражаттын улам өсүп жатканы, б.а. ал ички дүң продукциянын 7%ына жеткендиги же жалпы мамлекеттик бюджеттин 22,5%ын түзгөнү тууралуу маалыматтар талкууга сунушталды.

#бим #рипк #кыргызстан #мугалим

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар