Көрүлдү: 0
Бүгүн 16-августа Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо интитутунун жалпы жааматына институттун директору, Джунушалиева Калыйбүбү Кенешбековна, 2023-2024-жаңы окуу жылына карата даярдыктар боюнча жыйналыш өткөрдү.
Жыйналышта төмөндөгү маселелер каралды:
Институттун окуу методикалык иштер боюнча директордун орун басары, Жоошбаев Нурбек Кочкорович, август кеңешмесине карата даярдыктар маселесин талкуулады. 2023-окуу жылына кайра даядоо бөлүмү ачылып 200 адам окууга кабыл алынгандыгын белгиледи. Билим берүү министирлигинин 2025-2040-жылга карата планынын негизинде институтка берилген тапшырмалар тиешелүү кафедраларга аткарууга жүктөлдү.