Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдери үчүн вебинарлар башталды
Көрүлдү: 0
Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдери үчүн
Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлери тарабынан өткөрүлө турган вебинарлар башталды
14-августа Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунда Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдери үчүн, Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлери тарабынан төмөндөгү берилген темалар боюнча вебинарлар өткөрүлдү:
- Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында санариптик технологияларды колдонуунун жолдору.
- Опыт работы учителя биологии штата Флорида США.
- Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында кыргыз тилин үйрөтүүдө колдонуучу жаңы методдор жана технологиялар.
- Практикага багыттап окутуу кенже мектеп окуучуларынын компетенттүүлүктөрүн калыптандыруунун негизи катары.
- 5-11-класстарда ”Грамматикадан кепке технологиясын” колдонуу.
- 2023-2024-окуу жылында кыргыз адабияты предметин окутуу боюнча методикалык сунуштар.
- Орус тилин экинчи тил катары окутууда текстке борборлоштурулган мамиле.
- Адабият сабагындагы суроолор жана жооптор: канткенде окуучунун үнүн угабыз.
- Опыт обучения кыргызскому языку.
Бөлүшүңүз