Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту
Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту
“ӨКМӨТТҮК АКСЕЛЕРАТОРЛОР” ПРОГРАММАСЫН ИШКЕ АШЫРУУ БОЮНЧА ЖУМУШЧУ ТОПТУН МҮЧӨЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

Көрүлдү: 0

2023-жылдын 9-августунда “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында 100 күндүк тармактык реформаларды жүргүзүү боюнча чакырыктардын биринчи тобунун ишинин жыйынтыктары, анын ичинде “Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” багыты боюнча жыйын өткөрүлдү.

post.title

“Өкмөттүк акселераторлор” программасын ишке ашыргандыгы жана Кыргыз Республикасында реформаларды жүргүзүүнүн жаңы инструментин ийгиликтүү киргизүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн жумушчу топтун мүчөсү Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун мектепке чейинки билим берүү кафедрасынын ага окутуучусу Шергазиева Жазгүл Алмазбековна, Министрлер Кабинетинин Ыраазычылык каты менен сыйланды.
 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар