Республиканский научно-методический центр
Республиканский научно-методический центр
Талас областындагы К. Осмонбеков атындагы № 41 Кесиптик лицейдин базасында “Башталгыч кесиптик билим берүүнүн 80 жылдык мааракесине арналган” областтык  практикалык семинар өткөрүлдү

Көрүлдү: 0

17-октябрь 2022-жылы Талас областындагы К. Осмонбеков атындагы № 41 Кесиптик лицейдин базасында “Башталгыч кесиптик билим берүүнүн 80 жылдык мааракесине арналган” областтык практикалык семинар өткөрүлдү

post.title

Семинарга жергиликтүү өкмөттүн өкүлдөрү, иш берүүчүлөр, Билим берүү жана илим министрлигине караштуу РИМБ, Талас областындагы кесиптик окуу жайларынын жетекчилери, директордун орун басарлары, усулчулар жана ага устаттары катышты.

Семинардын максаты: Кесиптик  окуу жайлардагы билим берүү сапатын жогорулатуу, иш берүүчүлөр менен болгон мамилени чыңдоо, инженер-педагогикалык кызматкелердин потенциалын көтөрүү жана тажрыйба алмашуу.

Семинардын жүрүшүндө Айылдык депутаттар, иш берүүчүлөр , сөзгө чыгышып, өз сөздөрүндө Кесиптик билим берүү тармагынын 80 жылдык юбилейи менен катышуучуларды куттуктап, иштерине ийгилик каалашты.

Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык илимий-методикалык борборунун директорунун орун басары – Саттарова А.Н. Башталгыч кесиптик билим берүү тармагынын 80 жылдык маарекесине карата  жалпы катышуучуларды 80 жылдык маареке менен куттуктап, аларга чыгармачылык ийгиликтерди каалоо менен Башталгыч кесиптик билим берүү тармагындагы окутуу процессине киргизилген жаңылануулар (жумушчу кесип менен бирге жалпы орто билим алуу боюнча окуу мөөнөтүнүн 2 жылга кыскартылышы)жөнүндө, сапатты жогорулатуудагы талаптар жана кредиттик окутуу технологиясын башталгыч кесиптик билим берүү окуу жайларына киргизүү боюнча кеңири маалымат берип, талкуу жүргүзүлдү.

Кыргыз тил мугалими  жана  класс жетекчи  Эшалиева Нурзат «Тарыхы болбой эл болбойт, тамыры жок тал болбойт»  деген  темадагы сабагында Башталгыч кесиптик билим берүү тармагынын 80 жылдык тарыхы жөнүндө окуучуларга кеңири маалымат берип, №41 КЛнин тарыхы боюнча эки топто окуучуларды кызыктуу саякатка катыштыра алды. Кесиптик сабактар боюнча мугалим жана  класс жетекчи Мамбетова Айгүл   «Ар бир кесип ардактуу» деген темадагы сабагында мугалимдик кесип эң ардактуу, түйшүктүү, кызыктуу кесип экендигин баяндап, көрсөтө алды. Өндүрүштүк  окутуу устаты Шейшенбеков Чолпон өткөргөн «Ата журтум– ата мурасым, сыймыгым” аттуу сабакта окуучуларды патриоттуулукка, намыскөйлүккө, ынтымакка, достукка, эмгекчилдикке тарбиялаган кызыктуу сабак болду.

Семинардын аягында катышуучулар семинардын жүрүшү жөнүндө өз ой пикирлери менен бөлүшүп,  өткөрүлгөн иш чарага канааттангандыктарын билдиришти.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар