Республиканский научно-методический центр
Республиканский научно-методический центр
Чейин Кызыл-Кыя шаарындагы №70 кесиптик лицейдин базасында Республикалык илимий-методикалык борбор.

Көрүлдү: 0

2022-жылдын 7-октябрынан 14-октябрына чейин Кызыл-Кыя шаарындагы №70 кесиптик лицейдин базасында Республикалык илимий-методикалык борбор: Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы БКББ окуу  жайларынын  директорлорунун тарбиялык  иштер боюнча орун басарлары үчүн окуу процессинин натыйжалуулугунун заманбап ыкмалары жана жолдору темасында  жана  өндүрүштүк окутуу устаттары үчүн “Өндүрүштүк окууну уюштуруу  методологиясы жана жаны технологиялары” деген темада курс өттү. Бардыгы болуп 56 адам катышышты, анын 24ү директордун тарбия иштери боюнча орун басарлары, 32  өндүрүштүк окутуу устаттары. Сабактарды тренерлер Саттарова А.Н., Т.Жороев жана Нишанова К. өтүштү.

post.title

Квалификацияны жогорулатуу программасына төмөнкү темалар киргизилген:

 1.         БКББ системасындагы окуу-тарбия иштерин жөнгө салуучу ченемдик документтер

2.         БКББ окуу жайларында окуу- тарбия иштеринин окуу-пландоо документтери

3.         БКББ ОЖайлардын тарбия иштерин уюштуруу жана мазмуну

4.         БКББ окуу жайларында кесипке багыт берүүнү уюштуруудагы жаңы ыкмалар

5.         Студенттер менен иштөөдөгү психологиялык-педагогикалык аспектилер

 Өндүрүштүк окуу устаттары  үчүн билим берүү программасы психологиялык-педагогикалык даярдыкка, жалпы жана кесиптик педагогика, психология, тарбия иштеринин методикасы, ар кандай маалыматтык технологияларды колдонуу жаатында алардын кесиптик компетенттүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатууга багытталган.

 Окуу курсунун жүрүшүндө угуучулар Кербен айылындагы №8 КЛге  иш тажрыйба алмашуу максатында барышып, курстун катышуучулары билим берүү мекемеси менен таанышып, иш тажрыйба алмашуу, окуу процессин уюштуруу жана окуу пландык иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин талкуулашты.

 Окуу аяктагандан кийин угуучуларга квалификацияны жогорулатуу курстарын аяктагандыгы тууралуу сертификаттар берилди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар