Республиканский научно-методический центр
Республиканский научно-методический центр
Республикалык илимий-методикалык борбор тарабынан уюштурулган “Китеп окуган жаштар” акциясы Баткен облусунда уланууда.

Көрүлдү: 0

«Китеп кербени» эстафетасын лицейден лицейге тапшыруу аземи 13-октябрда Кызыл-Кыя шаарындагы №70 КЛде болуп, анда №70 жана №73 кесиптик лицейлердин жетекчилери менен окуучуларынын жолугушуусу болуп өттү. Иш-чарага катышкандардын жолугушуусу абдан маңыздуу жана кызыктуу өттү.

post.title

№70 лицейдин директору Ибрагим кызы Орунгүл куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Бул иш-чаранын коноктору: мэриянын өкүлү Адыл Абдуллаевич Кыпчаков, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы БКББ  окуу жайларынын   директорлорунун окуу-усулдук иштери боюнча орун басарлары, райондун, айыл өкмөттун өкүлү,  китепканачылары,  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык Илимий-методикалык борбордун директорунун орун басары  Саттарова А.Н.катышышты,  анда ал бул иш-чаранын маанилүүлүгүн жана өз   убагында жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

№70 КЛнын студенттери китепканачылар гимнин аткарышты, Ч.Айтматовдун «Биринчи мугалим» повести боюнча инсценировка көрсөтүлдү, ышкыбоздук өнөр көрсөтүүлөр: ыр, бий жана поэмалар көрсөтүлдү, лицейдин окуучулары тарабынан жасалган буюмдардын көргөзмөсү уюштурулду.

 Иш-чаранын соңунда «Китеп кербени» эстафетасы Сүлүктү шаарындагы №73 кесиптик лицейге тапшырылды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар