Республиканский научно-методический центр
Республиканский научно-методический центр
Чейинки аралыкта директорлордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарларынын  кесибин жогорулатуу үчүн   “ОКББ окуу жайларындагы тарбиялык процесстин натыйжалуулугунун заманбап жолдору жана ыкмалары” деген темада (72 сааттык)   биринчи курс өткөрүлдү.

Көрүлдү: 0

2022 – жылдын 19-сентябрынан 28-сентябрына чейинки аралыкта директорлордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарларынын  кесибин жогорулатуу үчүн   “ОКББ окуу жайларындагы тарбиялык процесстин натыйжалуулугунун заманбап жолдору жана ыкмалары” деген темада (72 сааттык)   биринчи курс өткөрүлдү.

post.title

Курстун угуучулары мамилелердин жана ыкмалардын көндүмдөрүн  калыптандыруу боюнча:

  • Окуучулардагы натыйжалуу кесиптик ишмердик үчүн зарыл болгон инсандык сапаттар
  • коомдоо өзүн алып жүрүүдө жалпы кабыл алынган эрежелер жана жүрүм-турум  нормалары, адеп-ахлактык жана  маданий  баалуулуктар жана муктаждыктар;
  • -куучулардын  эмгек маданияты, жарандык позициясы жана  патриоттук  аң сезими;

              - ОКББ дө  кесипке багыт берүү иштери боюнча  жаңы мамилелерди окуп үйрөнүу.

Окуу учурунда угуучулар К.Көлбаев атындагы  Бишкек автомобиль-жол колледжине барып,  окуу жайынын имараты менен таанышышты.  Окуу тарбия иштери боюнча  директорлордун орун басарларынын ишмердүулугу жана жүргүзгөн иштери, окуу процессин уюштуруу жана окууну пландаштырган документтер боюнча тажрыйба алмашышты.

Жетекчилик тарабынан кесипти жогорулатуу боюнча уюштурулган курстарга жыйынтык чыгарылып, 21 угуучуга сертификат тапшырылды.

Курстун угуучуларына жүргузулгөн сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча сунуштар киргизилди:

  1. Штаттык расписаниеге социалдык психолог кызматын киргизүү;
  2. Штаттык расписаниеге мамлекеттик тил боюнча жана тарбиялык иштер боюнча өз өзүнчө кызмат ордун киргизүү.
  3. ОКББ  үчүн тарбиялык иштер боюнча  бирдей журнал иштеп чыгуу.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар