2021-2022 окуу жылындагы жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы башталды.
Көрүлдү: 0
№ 5 кесиптик лицейде орус тили жана адабияты боюнча мамлекеттик биринчи бүтүрүү экзамени башталды, ошондой эле кыргыз тайпасында (ЭССЕ) да бүтүрүү экзамени болду.
- ЖМА өткөргөн күнү лицейде:
- Лицейдин директору-Айтмырзаев Айдаралы Айтмырзаевич
- ПК мүчөлөрү
- Программалык камсыз кылуу менен иштөө боюнча техникалык адис
- Тартипти коргоо иштерин жүзөгө ашырган кызматкерлер.
- Медициналык кызматкерлер катышты.
- ПК төрагасынын көрсөтмөсү боюнча окуучулар жазуу экзамендик иштери боюнча титулдук барактарын толтурушат.
Толтуруп бүткөндөн кийин ПКнын төрагасы экзамендин башталышын жана бүтүшүн, ошондой эле тыныгуу убактысын жарыялайт.
Баарына черновиктер берилет.
- Окуучулар ЖМАнын бекитилген тартибин сакташат.
- Жумушчу столдо:
- 2 (эки) шариктүү калем сап
- Жөнөкөй карандаш турду.
- Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- Бири-бири менен сүйлөшүүгө
- Аудиториядан эркин басууга
- Экзаменациондук материалдарды алып чыгууга
- ЭМны сүрөткө тартууга
Уюштуруучулар, ассистенттер зарыл болгон жардамды берип турушат. Тартип бузуулар болгон жок, экзаменден эч кимди чыгарган жок.
Экзамен убагында аяктады.
Бөлүшүңүз