Көрүлдү: 0
Бүгүн 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнү.
Бул күн балдар үчүн шаңдуу майрам күн болсо, жалпы коомчулук үчүн балдар дайыма ата-эненин жана чоңдордун камкордугу менен коргоосуна муктаж экенин, алардын келечеги үчүн жоопкер экенин эске салган күн.
Республикалык илимий-методикалык борбор Токмок шаарындагы Жетим балдар жана ата-энелеринен кароосуз калган Чуй мектеп-интернатына барып балдарды бүгүнкү майрамы менен куттукташты.
Балдарга жагымдуу маанай тартылоо максатында кызыктуу шоу-программа уюштурулуп, таттуулар таратылды.
Балдар- биздин келечегибиз, кубанычыбыз жана бактыбыз!