Көрүлдү: 910
2022-жылдын 19-майынан 28-майына чейин Республикалык илимий-методикалык борбордо «Бизнес жана ишкердүүлүктүн негиздери» предметинин окутуучулары үчүн квалификацияны жогорулатуу курсу өтүүдө.
Квалификацияны жогорулатуу курсуна Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунун БКББ окуу жайларынын 21 өкүлү катышууда.
Курстун максат: Кыргызстанда ишкердикти өнүктүрүү жана калыптандыруу процессинде ишкердиктин практикасына жана өзгөчөлүгүнө негизделген предметти куруу, ишкердик чөйрөсүнүн негизги түшүнүктөрүн жана мыйзамдарын окуу жана аудиторияда колдонуу; ишкананын ишинин негизги көрсөткүчтөрүн талдоо жана бул маалыматтардын негизинде бизнести өнүктүрүүнүн ийгилиги жөнүндө жыйынтык чыгаруу үчүн көндүмдөрдү өнүктүрүү.
Квалификацияны жогорулатуу программасына төмөнкү темалар киргизилген:
1.БКББ ОЖ ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу ченемдик-укуктук документация
2. “Бизнес жана ишкердүүлүктүн негиздери” предметин окутуу методикасы
3. Модуль № 1. Кыргызстандагы чакан жана орто бизнес
4. Модуль 2. Маркетинг
5. Модуль № 3. Ишкердүүлүктүн укуктук негиздери
6. Модуль № 4. Бизнести пландаштыруу
7. Окууларда колдонуучу окутуу каражаттары
Катышуучулар курстун практикалык сабагынын жүрүшүндө Бишкек шаарында жайгашкан №98 КЛга барып, окуу жайдын материалдык-техникалык базасы, окуу процессинин уюштурулушу жана окуу-пландаштыруучу документация менен таанышышты.
Курстун аягында катышуучуларга окуудан өткөндүгү тууралуу сертификаттар тапшырылат.