Көрүлдү: 0
БКББ ОЖлардын ОӨУИ боюнча директорлордун орун басарларынын ишинин натыйжалуулугун жакшыртуу, бул үчүн автоматташтырылган маалыматтык системаларды колдонуу, электрондук документ жүргүзүүнү иштерин уюштуруу.
2022-жылдын 14-февралынан 22-февралына чейин Республикалык илимий - методикалык борбордо баштапкы кесиптик билим берүү окуу жайларындагы директорлордун Окуу өндүрүштүк жана усулдук иштери боюнча орун басарлары үчүн “БКББ билим берүү мекемелеринде автоматташтырылган маалыматтык системаларды киргизүү” темасында квалификацияны жогорулатуу курстары башталды.
Курстун катышуучулары : Чүй, Ысык-Көл, Талас, Нарын областтарынын жана Бишкек шаарындагы кесиптик лицейлердин ОӨУ иштери боюнча директорлордун орун басарлары.
Курстун максаты: БКББ ОЖлардын ОӨУИ боюнча директорлордун орун басарларынын ишинин натыйжалуулугун жакшыртуу, бул үчүн автоматташтырылган маалыматтык системаларды колдонуу, электрондук документ жүргүзүүнү иштерин уюштуруу.
Курстун көлөмү -72 саат
Курстун негизги милдеттери:
Квалификацияны жогорулатуу курсу аяктагандан кийин ОӨУ иштери боюнча директордун орун басарларынын ишинде жана ишмердүүлүгүндө тажрыйба алмашуу маселеси, окуу процессин жана окуу-пландаштыруучу документацияны уюштуруу иштери каралат. Ошондой эле автоматташтырылган маалыматтык системаны колдонуу менен иштөө жана электрондук документ жүгүртүүнү өздөштүрүшөт. Квалификацияны жогорулатуу курсу аяктагандан кийин РИМБ сертификаттары берилет.