Көрүлдү: 390
Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык илимий-методикалык борбор баштапкы кесиптик билим берүү системасындагы өндүрүштүк окутуунун устаттарынын жана кесиптик окутуучулардын чоңдорду окутуу боюнча билимдерин жогорулатуу курсун өткөрдү.
Эки апталык, 72 сааттык окутуу курстары бекитилген план-график боюнча 2021-жылдын 16-25-декабрында Бишкек шаарындагы РИМБнын базасында «Чоңдорду окутуунун жаңы ыкмалары» программасынын алкагында И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окутуучулары тарабынан жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Ага жалпы 25 адам катышты.
Курстун максаты: чоңдорду окутууда эффективдүү жана интерактивдүү көнүгүүлөрдү аткаруунун негизинде өндүрүштүк окутуунун устаттарынын жана кесипкөй окутуучуларынын компетенцияларын жогорулатуу.
Курстун маселелери:
Курстун программасы төмөнкү түшүнүктөрдөн турат:
Ошондой эле курстун угуучулары Бишкек шаарындагы КЛ№18 базага барып, жаңы төрт өндүрүштүк багыт боюнча жаңы технологиялык жабдуулар жана чондорду окутууну уюштуруунун тажрыйбаларын көрүшөт.
Угуучулардын курстагы күтүүлөрү канааттандырылып жатат жана курс аяктаганда угуучулар РИМБдын сертификатын алышат.