2023- ж. 20-июнунда КР Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы менен КР Билим берүү жана илим министирлигине караштуу Республикалык илимий - методикалык борборунун ортосунда кызматташуу жөнүндө жолугушуу болуп өттү.
Көрүлдү: 0
.
Кызматташуу төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлөт:
- Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү билим берүү маселелери боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүү;
- Өз ара кызыкчылык жараткан темалар боюнча долбоорлор жана изилдөө иштерин биргелешип иштөө;
- Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын кызматкерлерин окутуу боюнча илимий - практикалык семинарларды, тегерек столдорду өткөрүү;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын базасында биргелешкен тренингдерди жана квалификацияны жогорулатуу курстарын өткөрүү;
- Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин ишмердигине коюлган талаптардын негизинде квалификацияны жогорулатуу боюнча негизделген окуу программаларын жана модулдарын иштеп чыгуу;
- Кызматкерлерди жаңы ыкмалар менен окутуу боюнча тренерлер үчүн (ТОТ) тренингдерди өткөрүү.
Жолугушуунун жыйынтыгында кызматташуу жөнүндө Меморандумга
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы тарабынан У.О Аманалиев,
Республикалык илимий-методикалык борбору тарабынан А.Д Карабаев кол коюшту.
Бөлүшүңүз