Көрүлдү: 0
2023-жылдын 10-мартынан 17-мартына чейин өндүрүштүк окутуунун устаттары үчүн “Өндүрүштүк окутууну уюштуруу жана методикасы" темасы боюнча квалификацияны жогорулатуу курсу болуп өттү. Курстун максаты: Башталгыч кесиптик билим берүү системасында өндүрүштүк окутууну уюштуруу, методикасы жана мазмуну боюнча өндүрүштүк окутуунун устаттарынын квалификациясын жогорулатуу. Окууга Чүй, Ысык-Көл, Талас, Нарын облустарынан жалпы 27 устат катышып, өз билимдерин тереңдетишти.
Квалификацияны жогорулатуу курсунун программасына төмөнкү темалар киргизилген:
Ошондой эле психология жана педагогика боюнча лекциялар окулду.
Квалификацияны жогорулатуу курсу өтүп жаткан мезгилде өндүрүштүк окутуунун устаттары иш тажрыйба алмашуу боюнча Бишкек шаарынын №10, 20 КЛ болуп, окуу-пландоочу документтери менен таанышып, өндүрүштүк окутуунун устаттарынын мастер класстарына күбө болушту.