Көрүлдү: 78
КР ББИМнин ИМЖӨМСАИБмү
Жобо
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин
Инвестициялар, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, мамлекеттик сатып алуулар жана инфраструктура башкармалыгы жөнүндө
1. Жалпы жоболор
1.1. Инвестициялар, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, мамлекеттик сатып алуулар жана инфраструктура башкармалыгы (мындан ары – башкармалык) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин (мындан ары – Министрлик) борбордук аппаратынын өз алдынча түзүмдүк бөлүмү болуп саналат. Алыскы жана жакынкы чет өлкөлөр менен билим берүү жаатында жана чет өлкөлөрдө жашаган мекендештер менен иштөө боюнча аткаруучу-тескөөчү функцияларды жана бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырат.
1.2. Башкармалык өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, “Мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, “Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Эл аралык келишимдер жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө жобону жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
1.3. Башкармалык өз ишин бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Министрликтин борбордук аппаратынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрү жана мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышта жүргүзөт.
1.4. Башкармалык өз ишин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басарынын жетекчилиги алдында жүргүзөт.
2. Башкармалыктын милдеттери жана функциялары
2.1. Башкармалыктын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Министрликтин билим берүү уюмдарынын/мекемелеринин материалдык-техникалык ресурстарга болгон керектөөлөрүн иликтөө, керектүү окуу эмеректери жана жабдуулар, окутуунун техникалык каражаттары, компьютердик техника ж. б. менен камсыздоо.;
- "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча иштерди жүргүзүү;
- Билим берүү уюмдарын / мекемелерин күзгү-кышкы мезгилден өтүүгө даярдоо, отун алып келүү, билим берүү уюмдарын / мекемелерин отундун альтернативдүү түрлөрүнө которуу боюнча Контроль;
- Башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча министрликтерден жана ведомстволордон Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорунун, буйруктарынын келип түшкөн долбоорлорун экспертизалоо;
- Жогору турган органдардан, министрликтерден жана ведомстволордон, ведомстволук билим берүү уюмдарынан сатып алуу, жабдуу, жылытуу мезгилине даярдоо боюнча келип түшкөн кат-кабарлар менен иштөө;
- Мамлекеттик жеке өнөктөштүк (МЖӨ)долбоорлору менен иштөө;
- Билим берүү системасынын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча инвестицияларды тартуу;
- Билим берүү уюмдарына/мекемелерине Билим берүү объекттерин утурумдук ремонттон өткөрүүгө көмөк көрсөтүү;
- Билим берүү уюмдарын / мекемелерин окуу жабдуулары жана инвентарлар менен камсыз кылуу;
- Министрликке караштуу Билим берүү уюмдарынын инфраструктурасын өнүктүрүү жана аларды материалдык жактан камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүү уюмдарынын/мекемелеринин инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууну камсыз кылуу.
2.2. Коюлган милдеттерге жетишүү үчүн башкармалык төмөнкү функцияларды аткарат:
- Республиканын билим берүү уюмдарынын/мекемелеринин материалдык-техникалык ресурстарга болгон муктаждыгын изилдөө.
- Билим берүү системасынын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча инвестицияларды тартуу.
- Мамлекеттик жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорлору менен иштөө.
- Билим берүү системасына мектеп эмеректери, компьютердик техника жана башка техникалык жабдуулар менен камсыздоо жаатында гуманитардык жардам көрсөткөн кайрымдуулук уюмдары менен иштөө.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү/башкармалыктары менен компьютердик техника, окуу эмеректери, керектүү техникалык каражаттар менен камсыздоо маселелери боюнча иш алып баруу.
- Республиканын билим берүү уюмдарын/мекемелерин күзгү-кышкы мезгилде иштөөгө өз убагында даярдоо боюнча маселелерди чечүү.
- Министрликтин борбордук аппаратынын муктаждыктары, ведомстволук билим берүү мекемелери үчүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү Мамлекеттик сатып алуу боюнча иштерди жүргүзүү.
- Министрликтин коллегиясында тиешелүү маселелер боюнча материалдарды даярдоо.
- Коллегиянын кабыл алынган чечимдерин жана Министрликтин буйруктарын аткарууну контролдоо.
- Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча планды иштеп чыгууга жана аткарууга катышат.
- Билим берүү уюмдарынын/мекемелеринин курулушуна жана капиталдык ремонтуна талдоо жүргүзөт.
- Мамлекеттик органдар, инвесторлор жана эл аралык уюмдар үчүн билим берүү уюмдарынын/мекемелеринин инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча сунуштарды даярдоо;
- Калктуу конуштардын демографиялык маалыматтарына таянуу менен жаңы курулушка болгон муктаждыктарды аныктоо менен консервацияда турган жана курулуп жаткан билим берүү уюмдарын/мекемелерин инвентаризациялоо боюнча иштерди уюштуруу;
- Министрликке караштуу Билим берүү уюмдарын/мекемелерин долбоорлоо, капиталдык оңдоо менен байланышкан иштерди аткарууга көмөктөшүү;
- Билим берүү уюмдарын/мекемелерин жабдуулар жана инвентарлар менен камсыз кылуу;
- Учурдагы оңдоо иштерин жүргүзүү жана материалдык жактан камсыз кылуу боюнча билим берүү уюмдарынын/мекемелеринин буюртмачысынын функцияларын аткаруу;
- Капиталдык жана утурумдук ремонттоого тийиш болгон билим берүү уюмдарынын/мекемелеринин тизмесин даярдоо;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык ресурстарга болгон муктаждыктарын изилдөө жана камсыз кылуу;
- Министрликтин, Министрликтин карамагындагы агенттиктердин жана билим берүү уюмдарынын линиясы боюнча ишке ашырылып жаткан билим берүүгө инвестицияларды тартууга мониторинг жүргүзүү жана алардын бул чөйрөдөгү ишин координациялоо;
- Билим берүү тармагына инвестицияларды тартуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорунун аткарылышын контролдоо;
- Башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча кеңешмелерди зарыл болгон учурда министрликтин кызматкерлеринин, министрликтин карамагындагы билим берүү уюмунун адистеринин катышуусу менен чакыруу жана өткөрүү;
- Билим берүү чөйрөсүндө чет өлкөлүк инвестицияларды жана гранттарды тартуу боюнча долбоорлорду жана программаларды иштеп чыгууга катышуу, ошондой эле тийиштүү мамлекеттик органдарга (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция Министрлиги ж. б.) отчет берүү;
- Эл аралык уюмдардын донордук жардамын координациялоо жана билим берүү тармагына инвестицияларды тартуу.
3. Башкармалыктын ыйгарым укуктары
3.1. Башкармалык өзүнө жүктөлгөн функцияларды ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- Бардык билим берүү уюмдары/мекемелери милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон ведомстволук ченемдик актыларды бекитүүгө даярдоого.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун республиканын бардык аймагында аткарууну жүзөгө ашырууга.
- Мыйзамдарда берилген ыйгарым укуктардын чегинде билим берүү уюмдарынын/мекемелеринин, алардын филиалдарынын иш-аракеттерин жеринде текшерүүнү жүзөгө ашырууга жана уюштурууга.
- Билим берүү уюмдарына/мекемелерине чара көрүү жана аныкталган тартип бузууларды четтетүү жөнүндө көрсөтмө берүү.
- Мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүкчөлөрүнөн, ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрүнөн башкармалыктарга жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон тиешелүү маалыматтарды, документтерди жана материалдарды сурап алууга.
- Билим берүүнү башкаруунун мамлекеттик жана жергиликтүү органдарынын, билим берүү уюмдары/мекемелери баш ийүүсүндө турган башка мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилеринен өзүнүн компетенциясынын маселелери боюнча белгиленген тартипте отчетторду талап кылууга.
- Мамлекеттик ведомстволук билим берүү уюмдарынын аларга бекитилип берилген мүлктүн талаптагыдай жана максаттуу пайдаланылышын контролдоого; Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык мамлекеттик билим берүү уюмдарында/мекемелеринде пайдаланылбаган же багыты боюнча пайдаланылбаган мүлк боюнча чечим кабыл алууга.
- Материалдык-техникалык базанын абалын иликтөө, сатып алуулар жол-жоболорун ишке ашыруу, алардын ишмердүүлүгүнүн ушул багыттары боюнча иштерди контролдоо, башка иш-чараларды ж. б. жүргүзүү үчүн өз кызматкерлерин билим берүү уюмдарына/мекемелерине жана аларды башкаруу органдарына жиберүүгө.
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү уюмдары/мекемелери тарабынан жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү Мамлекеттик сатып алуу жол-жоболорунун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү.
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү уюмдары/мекемелери тарабынан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү Мамлекеттик сатып алуу жол-жоболорун жүргүзүү боюнча сунуштарды берүү.
- Башкармалыктын компетенциясына кирген маселелерди даярдоого жана кароого катышууга.
- Материалдык-техникалык жабдуулардын талаптагыдай пайдаланылышына, бул максаттарга жумшалуучу каражаттардын өздөштүрүлүшүнө, автотранспорт каражаттарынын пайдаланылышына контролдук жүргүзүү.
- Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү Мамлекеттик сатып алуулар боюнча конкурстук тооруктарга катышууга.
- Билим берүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.
- Министрликтин жетекчилигине башкармалыктарга жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу боюнча сунуштарды киргизүүгө.
- Башкармалыктын кызматкерлерин материалдык жактан камсыз кылуу жана социалдык жактан коргоо Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамына жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык жүзөгө ашырылат.
4. Башкармалыктын жоопкерчилиги
4.1. Башкармалыктын адистери башкармалыктын ишин уюштуруу жана аларга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жеке жоопкерчилик тартышат. Жогору турган жетекчиликтин тапшырмалары башкармалыктын кызматкерлери тарабынан өз ыйгарым укуктарынын чегинде аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналат.
4.2. Ушул Жободо каралган функцияларды, ошондой эле бекитилген кызматтык милдеттерди аткарбагандыгы үчүн башкармалыктын адистери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик, материалдык жана башка жоопкерчилик тартышат.
4.3. Башкармалыктын адистери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында мамлекеттик кызматчылар үчүн белгиленген жүрүм-турумдун этикалык ченемдерин сактоого милдеттүү.
5. Башкармалыктын түзүмү жана ишин уюштуруу
5.1. Башкармалыкты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин буйругу менен дайындалуучу жана бошотулуучу Башчы башкарат.
5.2. Башчы Башкармалыктын ишине жетекчилик кылат жана аны Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилигинин, башка мамлекеттик органдардын, юридикалык жана жеке жактардын алдында көрсөтөт. Башкармалыктын Башчысы башкармалыкка жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы, Эмгек жана аткаруучулук тартибинин абалы, ошондой эле башкармалыктын кызматкерлеринин ортосунда милдеттердин бөлүштүрүлүшү үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
5.3. Башкармалыктын Адистери болуп жогорку билимдүү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматка дайындалуучу жана бошотулуучу жана өз функцияларын ушул Жобого жана башкармалыктын кызматкерлеринин бекитилген кызматтык нускамаларына ылайык жүзөгө ашыруучу мамлекеттик кызматчылар саналат. Башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара мамилелерде Башкармалыктын Адистери Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү болушат.
5.4. Башкармалыктын саны жана түзүмү Министрликтин бекитилген штаттык санынын чегинде белгиленет.
5.5. Башкармалыктын Адистеринин функционалдык милдеттери Башкармалыктын иш регламентине ылайык бөлүштүрүлөт жана башкармалыктын Башчысы тарабынан бөлүштүрүлөт.
5.6. Башкармалык өз ишин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри бекиткен план боюнча жана Министрликтин башка түзүмдүк бөлүнүштөрү менен тыгыз байланышта жүргүзөт.
5.7. Бул Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитилген Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө жобонун негизинде киргизилет.