Көрүлдү: 335
Бүгүн, 26-майда, Кыргызстандын бардык мектептеринде “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу иш-чарасы өтүп жатат. Мындай салтанаттардын бири Бишкек шаарындагы А. Осмонов атындагы №68 орто мектепте да болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева катышты.
Быйыл аталган мектеп 365 бүтүрүүчүнү уядан учурганы жатат. Алардын ичинен 156сы – 11-класстын, ал эми 209у – 9-класстын окуучулары.
Куттуктоо сөзүндө Лира Самыкбаева бүтүрүүчүлөргө ийгиликтерди каалап, алардын мүмкүнчүлүктөрүнө болгон ишенимин билдирди. Ал мектеп жылдары адам жашоосундагы эң маанилүү жана унутулгус мезгил экенин баса белгилеп, ал эми алган билимдери келечектеги ийгиликтерге бекем негиз болорун айтты. Ошондой эле, өлкөнүн келечеги азыркы жаш муундун жоопкерчилигинен, максатынан жана эмгекчилдигинен көз каранды экенин белгиледи.
Салтанаттуу иш-чарада окуучулар тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланып, мугалимдердин каалоо-тилектери жаңырды.