Көрүлдү: 996
Билим берүү жана илим министрлиги 6-класстын окуучулары арасында “Акылман” Президенттик лицейине конкурстук тандоонун III турунун жыйынтыгында 75 окуучу (41 бала, 34 кыз) өткөндүгүн маалымдайт.
Ошондой эле эң жогорку балл алган 12 окуучу резервге алынды.
Конкурстук тандоодон өткөн жана резервге алынган балдардын тизмеси – пдф (файл), https://t.me/akylmanpresidentialschool/222
Белгилей кетсек, “Акылман” Президенттик лицейине 6-класстар арасында конкурстук тандоонун I туруна – 6202, II туруна – 2922, III туруна – 854 талапкер катышты.