Адам ресурстарын башкаруу бөлүмү
Адам ресурстарын башкаруу бөлүмү
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ведомстволук сыйлыктары жөнүндө жобосу

Көрүлдү: 0

Ведомстволук сыйлыктары жөнүндө жобо

post.title

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ведомстволук сыйлыктары жөнүндө жобосу

 

                                                                              БЕКИТИЛДИ

Кыргыз Республикасынын

Билим берүү жана илим министрлигинин

“23” май 2022-жыл № 948/1 буйругу

 

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук сыйлыктары  жөнүндө

ЖОБО

 

  1. Жалпы жоболор

 

  1.  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук сыйлыктары  жөнүндө бул жобо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук сыйлыктарынын түрүн, алардын укуктук статусун, ошондой эле сыйлыктарга көрсөтүүнүн жана сыйлоонун тартибин аныктайт.
  2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин   ведомстволук сыйлыктарын  ыйгаруу - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим чөйрөсүндө маанилүү жеке салым кошкон адамдардын сиңирген эмгегин баалоонун, таануунун, дем берүүнүн формасы болуп эсептелинет.
  3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук сыйлыктары болуп Ардак грамотасы , “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси,  “Илимдин мыктысы” төш белгиси, “Кызматташтык салымы үчүн”  медалы, саналат.  
  4.  “Билим берүүнүн мыктысы”, “Илимдин мыктысы” төш белгилери, “Кызматташтык салымы үчүн” медалы,  Ардак грамота ведомстволук сыйлыктардын аталыштары  мамлекеттик тилде жазылат.

 

  1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү

жана илим министрлигинин  Ардак грамотасы

 

  1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен билим берүү жана илим чөйрөсүндө жалпысынан 10 жылдан кем эмес илим, илимий-педагогикалык, педагогикалык иш стажына ээ болгон,  кесипкөйлүгүн көрсөткөн жана жогорку көрсөткүчтөргө жеткен, билим берүү тармагында мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууга активдүү катышкан, иши боюнча жаза салынбаган, окуучулардын терең билим алышын камсыз кылган билим берүү уюмдарынын мыкты мугалимдер жана билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлер сыйланышат.

 

 

 

  1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин  Ардак грамотасы менен сыйлоого көрсөтүлүү үчүн райондук/шаардык билим берүү бөлүмүнүн  Ардак грамоталары менен сыйлануусу зарыл.

 

 

  1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим

министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы”  төш белгиси

 

  1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен илимий-педагогикалык эмгек  стажысы жалпысынан 15 жылдан кем болбогон, билим берүү чөйрөсүндө, илим, илимий-педагогикалык, педагогикалык ишмердүүлүктө жетишкен ийгиликтери, окуу программаларынын, окуу китептеринин, усулдук колдонмолордун автору, педагогикалык жана тарбиялоо ишинде өзгөчө айырмаланган, алардын чыгармачыл дараметинин өнүгүшүн камсыз кылган, министрликтин ардак грамотасы менен 3 жылдан эрте эмес сыйлангандан соң,  ишмердүүлүгүндөгү жаңы ийгиликтери, жетишкендиктери, эмгеги үчүн билим берүү уюмдарынын мыкты мугалимдери жана билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлер сыйланышат.
  2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин  “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйлоого көрсөтүлүү үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин  Ардак грамотасы менен сыйлануусу зарыл.

        

  1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим          министрлигинин “Илимдин мыктысы” төш белгиси

 

  1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Илимдин мыктысы” төш белгиси менен илим багыттарын иштеп чыгууда, таанылган илимий мектептерди түзүүдө, илимий кадрларды тарбиялоодо жана даярдоодо сиңирген эмгеги үчүн, илим жаатындагы көрүнүктүү эмгектери, жогорку экономикалык натыйжа берген ойлоп табуулары жана ишке киргизген рационализатордук сунуштары үчүн илимий даражасы бар, илимий эмгек  стажысы жалпысынан 15 жылдан кем болбогон, министрликтин ардак грамотасы менен 3 жылдан эрте эмес сыйлангандан соң, ишмердүүлүгүндөгү жаңы ийгиликтери, жетишкендиктери үчүн илим тармагында эмгектенген кызматкерлер сыйланышат.
  2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин  “Илимдин мыктысы” төш белгиси менен сыйлоого көрсөтүлүү үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин  Ардак грамотасы менен сыйлануусу зарыл

 

 

 

 

 

  1. “Кызматташтык салымы үчүн” медалы

 

  1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Кызматташтык салымы үчүн» медалы менен билим берүү чөйрөсүнө дайыма ар тараптуу колдоо көрсөткөн, өзгөчө салым кошкон (мектеп, бала-бакча, класс, кабинет, спорт залдарын салуу, билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын оңдоо,  билим берүү мекемелерин жаңыртуу, билим берүү мекемесине акча каражатын тартып келүү, айлана-чөйрөнү жашылдандыруу ж.б.), тарбия берүү, коомдук жана кайрымдуулук иштеринде олуттуу жетишкендиктери үчүн  Кыргыз Республикасынын жарандары, юридикалык жактары, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар жигердүү ишмердиги үчүн сыйланышат.

 

  1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук сыйлыктары менен сыйлоо боюнча комиссиясы
  1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук сыйлыктарына келип түшкөн материалдарды ар тараптан жана объективдүү кароо максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчиси тарабынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук сыйлыктары менен сыйлоо боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) түзүлөт.
  2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчиси Комиссиянын мүчөлөрүн алмаштырууга укуктуу.
  3. Комиссиянын ишмердүүлүгү коомдук башталышта жүргүзүлөт. Комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлеринен, ал эми жооптуу катчысы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн  кызматкерлеринин ичинен дайындалат.
  4. Комиссиянын курамына билим берүү жана илим тармагында иш алып барган башка органдардын кызматкерлери кошулушу мүмкүн.
  5.  Комиссия өзүнүн ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
  6. Комиссия төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
  • сунуштарды карайт жана баалоо жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчисине сунуш киргизет;
  • сыйлоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутунду берет.
  1. Комиссия:
  • кошумча материалдарды жана документтерди суратып алууга жана таанышууга;
  • Бир мекемеден көп сандагы сыйлоо материалдар келип түшкөн учурда квота коюу же болбосо кийинки комиссиянын кароосуна калтырууга укуктуу.
  1. Отурумду Комиссиянын төрагасы, ал жок мезгилде Комиссиянын төрагасынын тапшырмасы менен Комиссиянын мүчөлөрүнүн бири  алып барат.
  2. Комиссиянын отуруму, анын үчтөн эки мүчөсү катышса, ыйгарым укуктуу деп эсептелет.
  3. Комиссиянын чечими протокол менен таризделет, ага Комиссиянын төрагасынын жана комиссиянын ар бир мүчөсүнүн колдору коюлат.
  4. Комиссиянын отурумуна материалдарды, Комиссиянын катчысы даярдайт.

 

  1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук сыйлыктары менен сыйлоого сунуштоо тартиби

 

  1. Сунушка милдеттүү түрдө сыйлоо барагы, паспорттун көчүрмөсү, эмгек китепчесин кадр тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү  тиркелиши керек.
  2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук сыйлыктары менен сыйлоого сунуштоо документтеринин даярдалышы төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
  • Мектепке чейинки билим берүү уюмдары, жалпы билим берүү уюмдары, мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары, атайын билим берүү уюмдары, балдарга, өспүрүмдөргө жана жаштарга кошумча билим берүү уюмдары үчүн:Билим берүү уюмдары педагогикалык жамааттын жыйналышынын кабыл алынган чечими, тиешелүү сыйлоо материалдар бекитилген формага ылайык даярдалып, билим берүү уюмунун жетекчисинин (райондук, шаардык билим берүү башкармалыгы жана бөлүмү) сунушунун негизинде сыйлоого көрсөтүлөт. Сыйлоого сунушталган талапкерлердин тизмеси иштелип чыккан таблицага ылайык министрликтин kadrymon@mail.ru электрондук даректерине жөнөтүлүшү керек.
    1. Башталгыч (кесиптик лицей, кесиптик орто окуу жайы), орто (орто  окуу жайы, колледж, техникум), жогорку (институт, академия,  университет, консерватория) жана жождон кийинки кесиптик билим берүү уюмдары, кошумча кесиптик билим берүү уюмдары, илимий мекемелер  үчүн:
  • Билим берүү уюмдарынын педагогикалык же окумуштуулар кеңешинин жамаатынын жыйналышынын кабыл алынган чечими, тиешелүү сыйлоо материалдар бекитилген формага ылайык даярдалып, билим берүү мекемесинин жетекчисинин сунушунун негизинде сыйлоого көрсөтүлөт. Сыйлоого сунушталган талапкерлердин тизмеси иштелип чыккан таблица министрликтин kadrymon@mail.ru электрондук даректерине жөнөтүлүшү керек (тиркелет).
  1. Билим берүү уюмдарынын жетекчисинин сунушу жок,  комиссиянын отурумуна тапшыруу мөөнөтүн бузган, белгиленген тартипте даярдалбаган сыйлоо материалдар комиссиянын кароосуна алынып чыгарылбайт, кайтарылып берилбейт.
  2. Министрликтин сыйлыктарына сунуштар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине белгиленген сыйлоо күнүнө чейин 2 айга чейин кечиктирилбестен киргизилүүгө тийиш.
  3. Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечигип келип түшкөн сыйлоо материалдар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Документтик камсыз кылуу жана көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан кабыл алынбайт жана келип түшкөн дарекке кайтарылат.
  4. “Билим берүүнүн мыктысы”, “Илимдин мыктысы” төш белгилери, “Кызматташтык салымы үчүн” медалы, Ардак грамота менен төмөнкү даталуу күндөрдө:
    1. Акыркы коңгуроо  жана Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө (5 - октябры) карата сыйлана алышат:
  • жалпы билим берүү уюмдарынын;
  • мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын;
  • мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын;
  • башталгыч кесиптик  билим берүү окуу уюмдарынын;
  • атайын билим берүү уюмдарынын;
  • балдарга, өспүрүмдөргө жана жаштарга кошумча билим берүү уюмдарынын;
  • жеке мектептердин кызматкерлери.
    1. Илим күнүнө карата (10-ноябры):
  • жогорку жана орто атайын окуу жайларынын;
  • илим тармагында эмгектенген билим берүү мекемелеринин кызматкерлери.
    1. Билим берүү мекемелеринин мааракелерине карата.
    2. “Кызматташтык салымы үчүн” медалы жылына бир жолу.
    3. Жыл жыйынтыгына карата (30-декабры):
  • борбордук аппараттын кызматкерлери.

 

  1.    жогорку жана орто окуу жайларынан сунушталып келип түшкөн сыйлоо материалдар аталган билим берүү мекемелеринен министрликтин кайсы сыйлыгына сунушталып келсе илим күнүндө комиссиянын кароосуна сунушта көрсөтүлгөн сыйлыкка алынып чыгат.

 

  1. Комиссия министрдин тапшырмасынын негизинде башка учурларда жана даталуу күндөрдө дагы сыйлоого сунуштоого чечим кабыл алышы мүмкүн.

 

  1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтүү критерийлери

 

  1. Мектепке чейинки билим берүү уюмдары, жалпы билим берүү уюмдары, мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары, атайын билим берүү уюмдары, балдарга, өспүрүмдөргө жана жаштарга кошумча билим берүү уюмдары үчүн:
  • Окуучусу олимпиаданын жеңүүчүсү болушу (республика, чет өлкөдө);
  • Окуучусу жалпы республикалык тестирлөөдө жогорку балл алуусу же   алтын сертификаттын ээси болушу, акыркы 5 жылдагы ЖРТдан окуучуларынын орточо жетишүүсү;
  • Акыркы 3 жылдагы  квалификациясын жогорулатуу курстарына катышуусу;
  • Республикалык “Жыл мугалими” сынагында жеңүүчү болуусу;
  • Орто мектептер үчүн окуу китептеринин, окуу-методикалык эмгектердин авторлору болуусу;
  • Орто мектептер үчүн билим берүү стандарттары боюнча окуу программалардын авторлору болуусу;

 

  • Окуу-тарбия процессинде алдыңкы жаңы методдорду жана инновациялык педагогикалык ыкмаларды, мастер-класстарды практикада  колдонуусу жана кесиптештери арасында жайылтуусу;
  • Эл аралык же республикалык  долбоорлор менен иштеп, билим берүү мекемесине акча каражатын алып келүүсү;
  • Билим берүү кызматкерлеринин окутууда патенттелген илимий ачылыштардын ээси болуусу;
  • Билим берүүнүн сапатын кепилдөөчү ар түрдүү комиссиялардагы, жумушчу топтордогу (көз карандысыз аккредитациялык агенттиктердин эксперти,  эл аралык деңгээлдеги жалпы билим берүүнү реформалоо боюнча уюмдардын эксперти)  иш алып баруусу;
  1. Башталгыч (кесиптик лицей, кесиптик орто окуу жайы), орто (орто  окуу жайы, колледж, техникум), жогорку (институт, академия,  университет, консерватория) жана жождон кийинки кесиптик билим берүү уюмдары, кошумча кесиптик билим берүү уюмдары, илимий мекемелер  үчүн:
  • Министрликтин грифи менен чыккан  студенттер үчүн окуу китептеринин автору болуусу;
  • Окумуштуулук даражасы, илимий наамынын болуусу;
  • Эл аралык долбоорлор менен иштөөсү;
  • Чет өлкөлөрдө өткөрүлгөн конференцияларда  билим берүү жана илимий багыттарда  (Scopus, Web of Science) докладдарды жасап, макалалары жарыялануусу;
  • Ойлоп табуу, илимий ачылыштары, монографиялары болуусу;
  • Диссертациялык кеңештин мүчөсү жана кандидаттык, докторлук дисстертацияларга жетекчи болуусу;
  • Министрлик же көз карандысыз уюмдар тарабынан уюштурулган рейтингдерге катышуусу;
  • Акыркы 3 жылдагы  квалификациясын жогорулатуу курстарына катышуусу;
  • Билим берүүнүн, илимдин сапатын кепилдөөчү ар түрдүү комиссиялардагы, жумушчу топтордогу (көз карандысыз аккредитациялык агенттиктердин эксперти,  эл аралык деңгээлдеги кесиптик билим берүүнү, илимди реформалоо боюнча уюмдардын эксперти)  иш алып баруусу;

 

  1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук сыйлыктары менен сыйлоого келип түшкөн документердин убактысы

 

  1. “Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси жана Ардак грамотасы менен сыйлоо үчүн  сыйлоо материалдар төмөнкү даталарга карата белгиленген мөөнөттөн кечигүүсүз келип түшүүсү зарыл:
  • Акыркы коңгуроо (30-март);
  • Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата (30-июнь);
  • Илим күнүнө карата ( 30-сентябрь);

 

  • билим берүү мекемелеринин мааракелерине карата (комиссиянын чечимине ылайык жүргүзүлүшү мүмкүн);
  • “Кызматташтык салымы үчүн” медалы жылына бир жолу;
  • Жыл жыйынтыгына карата (комиссиянын чечимине ылайык жүргүзүлүшү мүмкүн).
  •  
  1. Сыйлыкка көрсөтүүдө комиссиянын өзгөчө

учурларда  кароо тартиби жөнүндө

  1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ведомстволук сыйлыктар боюнча комиссиясы сунушталган талапкердин билим берүү жана илим тармагына кошкон өзгөчө салымын эске алуу менен төмөнкү өзгөчө учурларда:
  • жободо жазылган сыйлыкка көрсөтүүнүн тартибинен сырткары  республикадагы билим берүү мекемелериндеги даталуу иш-чараларга катышууда;
  • мектептердин жана башка билим берүү мекемелеринин курулушун баштоо жана ачылыш аземдеринде;
  • министрлик  жүргүзгөн иш-чараларга байланыштуу учурларда  комиссия жогоруда аталган  өзгөчө учурларды эске алуу менен  педагогикалык иш стажы жетпеген, сыйлыгынын аралыгы 3 жыл толо элек, сыйлоо материалдары мөөнөттөн кеч келип түшкөн, министрликтин ведомстволук сыйлыктары “Билим берүүнүн мыктысы”, “Илимдин мыктысы” төш белгилери, «Кызматташтык салымы үчүн”  медалы жана Ардак грамота  менен сыйлоого укуктуу жана кээ бир айрым учурларда жетекчиликтин уруксаты менен сыйлыкка сунушталып жаткан талапкердин материалдары жобонун талаптарына ылайык келүүсү зарыл эмес.

 

11. Жалпы жоболор

 

  1. “Билим берүүнүн мыктысы”, “Илимдин мыктысы” төш белгилери төштүн оң жагына тагылат жана мамлекеттик сыйлыктардан төмөн жайгаштырылат, “Кызматташтык салымы үчүн” медалы төштүн сол жагына тагылат жана мамлекеттик сыйлыктардан төмөн жайгаштырылат.
  2. “Билим берүүнүн мыктысы”,  “Илимдин мыктысы” төш белгилеринин, “Кызматташтык салымы үчүн” медалынын күбөлүктөрү жана Ардак грамотасы жоголуп кеткен учурда, сыйланган адамдын жазуу жүзүндөгү арызына ылайык, мурунку чыгарылган буйруктун негизинде күбөлүктүн көчүрмөсү-дубликаты берилет, даярдалган күбөлүктүн көчүрмөсүнө министрдин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары кол койгонго укуктуу, ал эми жоголуп кеткен төш белги кайрадан экинчи жолу берилбейт.
  3. Комиссиянын сыйлоо же сыйлоодон баш тартуу жөнүндөгү чечими боюнча даттануулар, арыздар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралат.
  4. Тартиптик жаза колдонулган кызматкерлерди сыйлоого көрсөтүүгө бул жазалар белгиленген тартипте алынып салынганга же жоюлганга чейин жол берилбейт жана аны көзөмөл кылууга сунуштаган тарап милдеттүү.
  5. Негизсиз сыйлоого сунуш берген  билим берүү мекемелеринин жетекчилери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
  6. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук сыйлыктарды кароо боюнча комиссиянын катчысы келип түшкөн бардык сыйлоо материалдарды комиссиянын кароосуна алып чыгууга, комиссиянын чечими боюнча протокол даярдап, бардык комиссия мүчөлөрүн кол койдурууга, “Билим берүүнүн мыктысы”, “Илимдин мыктысы” төш белгилерин, «Кызматташтык салымы үчүн” медалын даярдап  чыгарууга, Ардак грамотаны басмаканага даярдатууга, сыйлыктарды таратууга милдеттүү.

      41. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук сыйлыктары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри, министрдин биринчи орун басары, орун басарлары, алардын тапшырмасы менен ведомство алдындагы  мекемелердин, уюмдардын, окуу жайлардын, аймактык билим берүү бөлүмдөрдүн жетекчилери аркылуу ыйгарылат.

42. Жеке адамдын юбилейине карата ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоо жүргүзүлбөйт.

      43. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук сыйлыктары сыйлык ээсинин өзүнө салтанаттуу түрдө тапшырылат. Ошол эле учурда, “Билим берүүнүн мыктысы”, “Илимдин мыктысы” төш белгилеринин, «Кызматташтык салымы үчүн”медалынын  күбөлүгү кошо берилет.

      44. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук сыйлыктарынын материалдары  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин архивинде  бир жыл сакталат жана мөөнөтү бүткөн учурда акт түзүлүп, жокко чыгарылат.

      45. Ардак грамотанын бланкынын (1-тиркеме), “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисинин (2-тиркеме),  “Илимдин мыктысы” төш белгисинин (3-тиркеме), “Кызматташтык салымы үчүн”  медалынын (4-тиркеме) сүрөттөлүштөрү сыйлыктарга күбөлүктөрдүн үлгүлөрү (5-6-тиркемелер) жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук сыйлыктарына көрсөтүү үчүн даярдала турган документтердин тизмеси (7-10-тиркемелер) ушул Жобо менен бекитилет.

46. Бул Жобого өзгөртүү жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук сыйлыктары менен сыйлоо боюнча комиссиясы тарабынан сунушталып, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчиси тарабынан киргизилет.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин

    2022-жыл, 23-майы

    № 948/1 буйругу менен бекитилди

 

Тиркеме № 7

 

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин сыйлыктарына тиешелүү сыйлоо материалдардын тизмеси

 

п/п

Тизме

1

 Жолдомо кат

2

Иштелип чыккан толтурулган таблица өзгөртүүсү жок  (Үлгүсү тиркелет) (Word түрүндө kadrymon@mail.ru электрондук дарегине жөнөтүлүшү керек);

3

Сунуш кат (Үлгүсү тиркелет) (райондук жана шаардык билим берүү башакармалык, бөлүмдүн сунуштары)

4

Толтурулган сыйлоо барагы (тиркелет);

5

Билим берүү уюмунун педагогикалык кеңешинин же окумуштуулар кеңешинин чечими; 

6

Сыйлыктарынын көчүрмөсү (кадр бөлүмү аркылуу күбөлөндүрүлүшү  зарыл);

7

Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (кадр бөлүмү аркылуу күбөлөндүрүлүшү  зарыл);

8

Талапкердин илимий иштеринин жана окуу китептеринин, окуу-методикалык эмгектеринин тизмеси (кадр бөлүмү аркылуу күбөлөндүрүлүшү  зарыл);

9

Паспорттун көчүрмөсү.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин

    2022-жыл, 23-майы

    № 948/1 буйругу менен бекитилди

 

Тиркеме № 8

Сыйлоо барагы

 

  1. Фамилия, аты, атасынын аты: 

 

  1. Кызматы, иштеген мекеменин аты:
  2.    (иштеген мекеме жана ээлеген кызматы так көрсөтүлсүн )

 

  1. Туулган жылы, айы :

4. Улуту: кыргыз                  

 5. Билими , окуу жайдын аталышы:

6. Мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктары:

                             ( сыйлыктын аталышы )

7. Жалпы иш иш стажы     

 

8. Тармактагы иш стажы   

 

9.  Жамааттагы иш стажы 

 

10. Кайсы сыйлыкка сунушталды __________________________

 “_________”    _________________  20_____г. протоколдун № ______

     (педсоветтин, окумуштуулар кеңешинин чечими)

 

11. Дареги, телефону:

 

 

 

 

12. Талапкердин эмгек жолу жана билим берүү тармагындагы кошкон өзгөчө эмгектери

 

________________________________________________________________     

      

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жетекчи_____________________________         ______________

                                      (Ф.А.А. кызматы)                                                                                                       (колу)

 

 

«……»_______________20   г.                                                          М.П.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин

    2022-жыл, 23-майы

    № 948/1 буйругу менен бекитилди

 

Тиркеме № 9

Үлгү

 

Кыргыз Республикасынын

Билим берүү жана илим министрлигине

                                                              

Сунуш

 

Талапкердин аты-жөнү__________________________________________

 

Туулган жылы, улуту, билими, кайсы окуу жайды, кайсы адистик менен аяктагандыгы, педагогикалык стажы- _ жыл, илимий даражасы, окумуштуулук даражасы- ___ жыл, иштеген кызматы.

Талапкердин ишмердүүлүгүндөгү жетишкендиктери, ийгиликтери, эмгектери, билим берүү тармагына кошкон салымы даана, так, кыска, төмөнкү критерийлерге ылайык жазылуусу шарт.

 

1.Мектепке чейинки билим берүү уюмдары, жалпы билим берүү уюмдары, мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары, атайын билим берүү уюмдары, балдарга, өспүрүмдөргө жана жаштарга кошумча билим берүү уюмдары үчүн:

 

  • Окуучусу олимпиаданын жеңүүчүсү болуусу (республика, чет өлкөдө);
  • Окуучусу жалпы республикалык тестирлөөдө жогорку балл алуусу же   алтын сертификаттын ээси болушу, акыркы 5 жылдагы ЖРТдан окуучуларынын орточо жетишүүсү;
  • Акыркы 3 жылдагы  квалификациясын жогорулатуу курстарына катышуусу  боюнча маалымат;
  • Республикалык “Жыл мугалими” сынагына катышуусу жана жеңүүчү болуусу:
  • Орто мектептер үчүн окуу китептеринин, окуу-методикалык эмгектердин автору болуусу;
  • Орто мектептер үчүн билим берүү стандарттары боюнча окуу программалардын автору болуусу;
  • Окуу-тарбия процессинде алдыңкы жаңы методдорду жана инновациялык педагогикалык ыкмаларды, мастер-класстарды практикада  колдонуусу жана кесиптештеринин арасында жайылтуусу;
  • Эл аралык же республикалык  долбоорлор менен иштеп, билим берүү мекемесине акча каражатын алып келүүсү;
  • Окутууда патенттелген илимий ачылыш жасаган  билим берүү кызматкерлери;
  • Билим берүүнүн сапатын кепилдөөчү ар түрдүү комиссиялардагы, жумушчу топтордогу (Көз карандысыз аккредитациялык агенттиктердин эксперти,  эл аралык деңгээлдеги жалпы билим берүүнү реформалоо боюнча уюмдардын эксперти)  иши  боюнча;
  • Мектептин, райондук/шаардык билим берүү бөлүмүнүн, билим берүү уюмунун ардак грамоталары менен сыйлануусу зарыл.

2. Башталгыч (кесиптик лицей, кесиптик орто окуу жайы), орто (орто  окуу жайы, колледж, техникум), жогорку (институт, академия,  университет, консерватория) жана жождон кийинки кесиптик билим берүү уюмдары, кошумча кесиптик билим берүү уюмдары, илимий мекемелер  үчүн:

  • Студенттер үчүн министрликтин грифи менен чыккан  окуу китептеринин автору болуусу;
  • Илимий даражасы, илимий наамынын болуусу;
  • Эл аралык долбоорлор менен иштөөсү;
  • Чет өлкөлөрдө өткөрүлгөн конференцияларда  билим берүү жана илимий багыттарда  (Scopus, Web of Science) докладдарды жасап, макалаларынын жарыялануусу;
  • Ойлоп табуу, илимий ачылыштары, монографиялары болуусу;
  • Диссертациялык кеңештин мүчөсү жана кандидаттык, докторлук дисстертацияларга жетекчи болуусу;
  • Министрлик же көз карандысыз уюмдар тарабынан уюштурулган рейтингдерге катышуусу;
  • Акыркы 3 жылдагы  квалификациясын жогорулатуу курстарына катышуусу  боюнча маалымат;
  • Билим берүүнүн сапатын кепилдөөчү ар түрдүү комиссиялардагы, жумушчу топтордогу (Көз карандысыз аккредитациялык агенттиктердин эксперти,  эл аралык деңгээлдеги кесиптик билим берүүнү реформалоо боюнча уюмдардын эксперти)  иши  боюнча маалымат;
  • Университеттин, орто кесиптик окуу жайдын, билим берүү уюмдарынын   ардак грамотасы менен сыйланышы керек.

Корутунду:

Билим берүү мекемесинин аталышы, талапкердин аты-жөнү, кызматы жана кайсы ведомстволук сыйлыкка сунушталгандыгы жазылышы зарыл.

Жогорудагыларды эске алып, (Талапкердин аты-жөнү, ээлеген кызматы) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин (сыйлыктын аталышы)        сунуш кылат.

 

____________________                                        ________________________

Мекеменин жетекчиси                                                                    Аты-жөнү 

 

       

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин

    2022-жыл, 23-майы

    № 948/1 буйругу менен бекитилди

 

Тиркеме № 10

 

Үлгү

 

Кыргыз Республикасынын

Билим берүү жана илим министрлигине

 

 

Жолдомо кат

 

Билим берүү мекемесинин аталышы  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук сыйлыктары менен сыйлоого төмөнкү сыйлоо материалдарды жөнөтөт.

 

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин (сыйлыктын аталышы)___________________________________________:

 

1

Облус, район, шаар. Мекеменин аталышы

Талапкердин аты-жөнү, туулган жылы

кызматы

Пед. стажы

Сыйлыктары, жылы

Салымы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

__________________                                        ________________________

Мекеменин жетекчиси                                                                     Аты-жөнү 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар